3 Ağustos 2013 Cumartesi

1-БӨЛҮМ: ТАРЫХЫЙ БУЛАКТАР БОЮНЧА ИНЖИЛ КИЙИНЧЕРЭЭК БУРМАЛАНЫП КЕТКЕН

 
Христиандар Инжил өзгөртүлгөн болушу мүмкүн деп ойлогондо динден чыккан болушпайт
 
 
Христиан бир туугандарыбыздын көпчүлүгү Инжил кийинчерээк өзгөртүлгөн дегенге катуу реакция көрсөтүшүп, муну эч кабыл алышпоодо. Себеби муну бир «динден чыгуу» деп түшүнүшүүдө. Албетте, Христиандардын моюн сунган китебин бурмаланып кеткен деген пикирлерди терс реакция менен кабылдашы түшүнүктүү көрүнүш. Бирок мунун эч сөз кылбаш керек болгон жана «динден чыгууга» себеп боло турган бир анык өкүм болуп болбогонун түшүнүү үчүн бир аз ойлонуу, Христиандык тарыхын кароо жана булардын баарынын негизинде Инжилди кайра анализдөө зарыл.
Дагы бир жолу баса белгилей кетчү болсо, Инжил Мусулмандар катары биздин да китебибиз. Ошондуктан Инжилдин өзгөртүлгөн жана туура эмес жоромолдонгон болушу биз каалаган нерсе эмес. Бирок бул болгон нерсе жана бизге Куранда да кабар берилген. Демек бул бурмалоону көрсөткөн далилдерди жана тарыхый окуяларды караш керек. Албетте, бул чыныгы Инжил жок деген мааниге келбейт. Инжилдин өзү бүгүнкү күнгө чейин корголуп келген. Азыр бир жерде жашыруун турат жана Аллахтын уруксаты менен сөзсүз табылат. Ошондуктан негизгиси Инжилдин акыйкат өкүмдөрүн көрө алуу, Куранга карап баалоо жана акыл менен абийирге ылайык ойлонуу маанилүү.
Учурда Христиан бир туугандарыбыз тарабынан колдонулуп келе жаткан төрт Инжил жөнүндө сөзсүз билүү жана ойлонуу керек болгон дагы бир жагдай бар:
Бул китепте сиз окуй тургандар Мусулмандар чыгарган тыянактар же пикирлер эмес. Тескерисинче китепте айтылгандар Христиандардын өздөрүнүн булактарына таянат.
Мурда Аз. Иса (ас) Аллахтын уулу эмес, Аллахтын Пайгамбары (Hz. İsa (as) Allah'ın Oğlu Değildir, Allah'ın Peygamberidir) аттуу китебибизде терең каралган Христиандык тарыхына тиешелүү маалыматтарга бул жерде эске салуу максатында кыскача гана токтолобуз:
 
Тарыхый булактардан Христиандыктын жайылышы жана үч кудай ишениминин булагы
- Баштапкы доордогу Христиан документтери менен Христиан жамааттарын анализ кылганыбызда, Аз. Иса (ас)дын Аллахтын бар экени жана жалгыздыгы жөнүндө Аз. Муса (ас)дан да, Аз. Мухаммед (сав)дан да башкача бир окууну алып келбегенин көрөбүз.
- Аз. Иса (ас)дан кийин Христиандык апостолдор (шакирттер) тарабынан жайылган. Алар өзгөчө Ортоңку чыгыш, Иерусалим, Антиохия, Урфа сыяктуу тавхид (жалгыз кудай) ишеними өкүмчүлүк кылган аймактарда динге чакырык жасашкан. Бул аймактар Пайгамбарлар чыккан аймактар болгондуктан, тавхид ишенимине ансыз да жакын болгон көп кишилер бат эле Христиандыкты тандашкан.
- Ал доорго чейин болбогон үч кудай ишениминин Христиандыкка кириши болсо, Аз. Иса (ас)дан көп убакыт өткөндөн кийин, Христиандыктын грек-рим путпарастыгы өкүмчүлүк кылган аймактарда жайылышы менен келип чыккан.
- Буга Египеттеги Александрия, Греция, Италия жана Анатолия сыяктуу аймактарда путпарасттыктан кайткан Христиандардын мурдакы ишениминин таасири менен атын «үч кудай (троица)» койгон бир Христиандыкты түзүп башташы себеп болгон.
 
Путпарасттык үч кудай ишенимине кандай негиз болду?
l         Тарых бою путпарасттар путтардын (идолдордун) арасынан дайыма үч путту башкаларынан жогору деп санашкан. Алардын эң чоңун Ата, экинчисин Апа, үчүнчүсүн болсо Уул деп кабыл алышкан. Буга кээ бир мисалдар төмөнкүдөй:
ð  Индия путпарасттыгында үч кудай түшүнүгү бар. Ал үч кудай Брахма, Вишну жана Шива.
ð  Куранда арап путпарасттыгында да үч кудай пикиринин бар экенине ишарат кылынат: «Көрдүңөрбү, кабар бергиле; Лат менен Уззаны. Жана үчүнчү (пут) болгон Менатты(н кандайдыр бир күчү барбы)?» (Нежм Сүрөсү, 19-20)
ð  Христиандыктан мурдакы доордо Сирия жана айланасында да үч кудай ишениминин кеңири жайылганы белгилүү.
ð  Ошол сыяктуу Египет путпарасттыгында да Осирис (Ата), Исида (Эне) жана Гор (уул) үч кудайы бар.
ð  Персия путпарасттыгы болгон Митраизм да үч кудайлыкты жактаган бир жалган ишеним. Биздин заманга чейинки кылымдарда Анатолияда жана Европада кеңири жайылган.
ð  Рим жана грек путпарасттыгында да үч кудай пикири жана ишеними бар. Зевс, Юпитер жана Аполлон байыркы Грециянын үчтүк кудайлары. Ансыз да Христиандыктын үч кудай пикиринин рим менен грек путпарасттыгынан келгени белгилүү.
ð  Грек мифологиясында көп санда ата кудай, уул кудай бар. Ал тургай, Платон бул үч кудайлуулукту формулалаштырып, калп «кудайлардын» «логос» (сөз) деген бир уулу жана «софос» (акылмандык) деген бир кызы болгонун жактаган. Белгилүү болгондой, Христиандыкта Аз. Иса (ас) үчүн колдонулган аттардын бири «логос».


Америкалык теология профессору доктор Пол Р. Эдди (Dr. Paul R. Eddy) да буга көңүл буруп, "Was Early Christianity Corrupted by Hellenism?" (Баштапкы Христиандык эллинизм тарабынан бузулганбы?) темалуу макаласында мындай жоромол жасаган:
Вавилонго чейин созулган байыркы дүйнө бою үчтүк топтор менен путпарасттык кудайларга сыйынуу кеңири тараган эле. Бул таасир Аз. Исадан мурдакы жана кийинки кылымдарда Египетте, Грецияда жана Римде да өтө көп көрүнчү. Апостолдор (шакирттер) өлгөн соң ушул сыяктуу путпараст ишенимдер Христиандыкты каптай баштаган... Платон үч кудайлыкты азыркы формада үйрөтпөгөн болсо да, анын философиялары бул доктрина үчүн бир алдыңкы даярдык сыпатында эле. (Dr. Paul R. Eddy, Was Early Christianity Corrupted by 'Hellenism'?, http://www.xmark.com/focus/Pages/hellenism.html)
Көбүнчө путпарасттыкта, өзгөчө грек жана рим путпарасттыгында үчтүк кудайлардан эң чоңунун өлүмдүү аялдарга үйлөнгөнүнө жана ал үйлөнүүдөн дайыма эркек бала төрөлгөнүнө жана ал туулган балдардын да кудай экенине ишенилип келген.
l         Өлүмдүү бир аялдан төрөлгөн кудай бала ишеними бүгүнкү Христиандыктагы үч кудай ишенимине өтө окшошот.
Грек философиясында философтор физикалык аалам жөнүндө ой жүгүртүшүп өз ойлорунда кудай жөнүндө бир пикирге барышкан. Бирок өзгөрбөс жана түбөлүктүү деп кабыл алган кудайдын кандайча болуп аягы бар, өзгөрүүчү жандыктарды жарата алганын түшүнө алышкан эмес. Ушул себептен заттык бир нерсе аркылуу ааламдын пайда болушун түшүндүрүүнө аракет кылышкан.
Бул көз-караш боюнча, мисалы бир бала эне-атадан төрөлгөн сыяктуу, аалам пайда болушу үчүн да кудай менен жандыктар арасында болушу керек болгон ортомчулар, б.а. иерархиялык кудайча жандыктар болушу керек экенин айтышкан. Бул иерархия боюнча эң жогорку кудай авторитетти жана башталууну (б.а. жаратууну), калгандары убакыт жана мейкиндиктеги дүйнө иштерин, экинчи баскычтагы кудайлар болсо жаза берүү жана сыйлык берүү сыяктуу иштерди орундатышат.
Бул ойдон чыгарылган кудайлар менен кудайчалар көбүнчө эң негизгисинен башталып дайыма «үчтүү бир бирдик» катары белгиленген жана аталган. Ошондуктан үч кудай же үчтүү бирдик ишеними путпарасттык доордо пайда болгон кеңири тараган бир ишеним формасы.
Уильям Варнер (William Varner) Аз. Иса (ас)дын чакырыгын уккан еврей эместердин (Ыйык Китепте еврей эместер үчүн колдонулган бир ат. Аз. Иса доорундагы римдиктер үчүн колдонулат) көз-карашынын ушул пикирлердин негизинде калыптанганын айтат жана сөзүн мындайча улантат:
Алардын Аллахтын уулу пикирлери көп кудайлуу пикирге таянып курулган. Ушул себептен бул көз-караштарын Аз. Иса менен апостолдорунун (шакирттеринин) Жалгыз Кудайлуу ишенимине айлантышы өтө кыйын эле. Чыгыш жана эленизм пикирлери өкүмчүлүк кылган, жана натыйжада хандар менен башка ыйык кишилер Аллахтын уулу деп аталган бул аймакта Аз. Иса да Аллахтын уулу деп жарыяланды. (William C. Varner, "Jesus the Son of God")
 
Үч кудай ишеними менен грек мифологиясындагы Дионис каарманы арасындагы окшоштуктар
Үч кудай тараптарларынын Аз. Иса (ас) жөнүндөгү сөздөрүндө б.з.ч. 1000-жылга чейин уланган деп болжолдонгон грек мифологиясындагы Дионис каарманына да окшоштуктар бар:
l        Дионис өлүмсүз бир кудай атадан төрөлгөн өлүмдүү кудай уул.
l        Дионис Семала аттуу өлүмдүү бир энеден төрөлгөн.
l        Өлүмдүү адамдар тарабынан өлтүрүлгөн.
l        Дүйнөгө куткаруучу кылып жөнөтүлгөн.
l        Дионис денеси менен өлгөн соң кайрадан денеси менен тирилет.
l        Дионис жарым Кудай болуп туруп адамдар арасында адам көрүнүшүндө жана адамдардын алсыздыктары менен жашаган.
l   Дионис өзүнүн адамдар тарабынан тутулуп өлтүрүлүшүнө өз эрки менен бир жан аябастык кылып уруксат берген.
l   Байыркы Грецияда Дионисти ээрчүүчүлөр Дионисти эстөө жана ыраазычылык билдирүү үчүн эт жеп шарап ичишчү. Муну Дионистин этин жеп канын ичүүгө теңешчү жана бул бизди Диониске жакындатат деп ишенишчү. Иоанн (Жакан) Инжилинде бул путпарасттык ритуал кызык абалда Аз. Иса (ас)га туураланган:
«Силерге чындыкты айтып коёюн, адам уулунун денесин жеп, канын ичпесеңер, өмүргө ээ болбойсуңар. Ким менин денемди жеп, канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ болот, мен аны акыркы күнү тирилтем. Анткени менин денем – чыныгы азык, каным – чыныгы суусундук. Денемди жеп, канымды ичкен адам менин ичимде болот, мен анын ичинде болом.» (Иоанн (Жакан) 6:53-56)
Башка бир бөлүмдө болсо Иса өз колу менен апостолдоруна (шакирттерине) шарап ичирет жана аны менин канымдай кабыл алгыла дейт:
«Тамак ичип отурушканда, Иса нан алып, Кудайга ыраазычылык билдирди. Андан кийин нанды сындырып, шакирттерине берип жатып: «Алгыла, жегиле. Бул менин денем», – деди.» (Матфей (Матай) 26:26)
«Анан чөйчөктү алып, Кудайга ыраазычылык билдирди да, аны шакирттерине узатып жатып, мындай деди: «Баарыңар мындан ичкиле. Анткени бул – көптөрдүн күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, жаңы келишимди беките турган менин каным.» (Матфей (Матай) 26:27, 28)
 
Путпарасттык ишенимге окшоштурулуп чыгарылган үч кудай ишеними кантип жайылтылды?
l      Христиан тарыхчы жана теологдор үч кудай ишениминин алгач Павел (Pavlus) тарабынан жайылтылганы жөнүндө бир пикирде. Бул боюнча тарыхый документтер жана Павелдин 4 Инжилде орун алган каттары эске алынганда, бул пикирдин тууралыгы көрүнөт.
l      Павел Аз. Иса (ас)дын апостолу (шакирти) эмес. Апостол болуу мындай турсун, тирүү кезинде ага өтө каршы чыккан бир киши. Аз. Иса (ас) асманга алынгандан төрт жыл өткөн соң кокустан көз-карашы өзгөргөнүн айтып, өзүн апостол деп жарыялаган жана алгачкы Христиан жамаатынын арасына кирген.
l      Павелдин максаты Христиандыкты Батышта жайа алуу эле. Ал максатта Батыштын ар кайсы аймактарына тынымсыз каттар жөнөтүп, ал каттардын 14ү «өзгөртүлгүс» ыйык текст катары Инжилге кошулган.
l      Павел иудей калкы сүйлөгөн арамей жана иврит тилинен тышкары грек тилин да жакшы билген бир Рим жараны болгон. Римдиктерди жакшы таанып, аларга карата кандай саясат жүргүзүш керек экенин да жакшы билген.
l      Ошондуктан Павел Батышта өз пикирлерин жайылта алуу үчүн ал аймактын путпарасттык ишенимине туура келген бир Христиандык ишенимин түзгөн (анын айткандарынын ал путпараст коом тарабынан туура эмес жоромолдогон болушу ыктымалдыгы да албетте бар). Ата жана Уул түшүнүктөрүн Рим путпарасттык ишенимине тууралап, путпарасттыктагы ата жана уулдар түзгөн үчтүк теңир ишенимине окшош бир түшүнүк иштеп чыккан. Муну Христиандык ушундай ыкма менен оңой жаңылат деп үмүттөнгөн үчүн жасаган болушу толук ыктымал.
l      Инжилге кошулган каттарында ата жана уул сөздөрү көп орун алган.
l      Христиандыкка кошулган бул путпарасттык ишеним –Батыштын путпарасттык көз-караштарына туура келгендиктен- аймакта оңой гана жайылган. Акырындап Батыш Рим жана Византия аймактары материалдык жана саясий жактан күчтөнгөндө, Чыгыш Христиандыктын тавхид (жалгыз кудай) ишенимине карата кысымчылдык саясат башталган. Чыгыш Христиандыктын тавхид ишенимин жок кылууга аракет кылынган жана бул аракеттер бир топ ийгиликке жеткен.
 
Жыйындарда «көпчүлүк добуштар менен» түзүлгөн Инжил тексттери
l        Үч кудай ишеними алгач жана расмий түрдө Христиандыкка б.з. 325-жылы Никей Собору (жыйыны) аркылуу киргизилген. Ал Собор Рим императору Константиндин катышуусу менен жасалган.
l        Мындай бир жыйындын жасалуу себептери төмөнкүлөр болгон:
ð  Рим Императорлугунун Христиандык жайылган аймактарды көздөй кеңейиши.
ð  Бул кеңейүү себебинен путпарасттар менен Христиандар арасында пикир келишпестиктердин чыгышы жана императорлуктун бөлүнүү коркунучуна дуушар болушу.
ð  Императорлук экиге бөлүнбөшү үчүн эски путпарасттык дин менен жаңы Христиандык арасында синтез бир ишенимди пайда кылуу керек деген пикирдин жаралышы жана бул багытта иш-аракеттердин жүргүзүлүшү.
l        Бул жерде айтылгандай путпарасттык аймактарда уруш чыгуу ыктымалдыгын Христиандыкты өзгөртүү аркылуу жоюуга мүмкүн деп ойлошкон. Изникте чогулган бул жыйындын аягында ички башаламандыкты чечүү жолу Инжилге үч кудай ишенимин кошуу деп чечим алынган жана ал чечим ишке ашырылган.
l        Ал жыйында үч кудай ишенимин жактаган 4 Инжил сахих (ишенимдүү) деп кабыл алынган.
l        Сакталып калган бир канча кол жазмадан тышкары, тавхид (жалгыз кудай) ишенимин жактаган башка Инжилдер болсо «еретик», б.а. «жолдон чыккан» деп жарыяланып, күйгүзүп жок кылынган.
l        Тавхид ишенимин жактагандар да «еретик», б.а. «жолдон адашкан» бир ишенимди жактаган деген себеп менен камакка алынышкан. Еретиктиктин жазасы болсо күйгүзүп өлтүрүү болгон.
l        Христиандыктан чыгаруу ысмы жана тажрыйбасы тарыхта алгач үч кудайлуулукка каршы чыккандарга карата чыгарылган бир чара болгон. Папалык, Рим жана Византия саясатчылары үч кудайлыкты сындагандарды жана үч кудайлыкты тангандарды күйгүзүп өлтүрүү сыяктуу ар кандай жазаларга тартышкан. Инквизиция деген соттор ушул максатта курулган.
l        Ал доордо алгачкы жана сахих жазууларга таянып Александриялык поп Арий баштаган тавхидге таянган Арийчилик кыймылы да натыйжалуу болгон. Бирок мындан кооптонгон Римдиктер 411-жылы ал далилдер менен китеп турган Александрия китепканасын өрттөп жиберишкен.
 
Чиркөө түзгөн «диний догма» жана Христиандарга жүктөлгөн ага баш ийүү мажбурлугу
l        «Догма» сөзүнүн диний бир мааниге кириши үч кудайлыкты жактаган Христиандар тарабынан жасалган.
l        Диний догманын кыскача мааниси мындай: «Христиан ишеним доктринасы бир гана Папалык же Чиркөө авторитети тарабынан калыптандырыла алат жана ага ошол калыпта ишенүү шарт.»
l        Башкача айтканда, бир Христиан өз дини боюнча эмнеге ишенип эмнеге ишенбешине ыйык китепке таянып өзү чече албайт. Анын эмнеге ишенип эмнеге ишенбешин Чиркөө аныктайт.
l        Мисалы, бир адам «мен үч кудайлыкты четке кагам жана Аллахтын Бир жана Жалгыз Жаратуучу экенине, Аз. Иса (ас)дын болсо анын уулу эмес, пайгамбары экенине ишенем» десе, ал эми Христиан болбой калат. Окуган ыйык китептен, жүргүзгөн изилдөөлөрүнөн муну түшүнүп, акылы, абийири, терең ойлонуу жөндөмү менен мындай туура жыйынтыкка барса да, баары бир Чиркөө тарабынан Христиан деп кабыл алынбайт.
l        Бир киши «Христиан» деп кабыл алынышы үчүн абийирдик, илимий жана акыл тажрыйбалары көрсөткөн чындыкты көрмөксөн болушу жана Чиркөө мажбурлуу кылган ата, уул жана ыйык рух деп аталган үчтүү бирдик ишенимин кабыл алышы зарыл.
l        Бул ишеним формасын Чиркөө ушундай кылып калыптандырган жана ушул формада ишенүү бир Христиан үчүн мажбурлуу нерсе.
l        Диний догма же башкача айтканда диний мажбурлуу кабыл алдыруу мына ушул.
l        Бул – учурда Христиандардын көпчүлүгү эч четке кагууга мүмкүн эмес деген өкүм менен кабыл алган үч кудай ишенимине мынчалык бекем турушунун жалгыз себеби. Чиркөө жана Папалык Рим императорлугунун түзүлүшүнө жараша калыптангандыктан, үч кудай ишениминин булагы да Чиркөө болгон. Инжилдин бурмаланганын кабыл алуу же үч кудайлыкты четке кагуу мына ушул себептен «динден чыгуу» деп кабыл алынууда.
l        Чындыгында болсо, «динден чыгууга» алып келет деген бул өкүмдөрдүн баары Аз. Иса (ас)дан бир канча кылымдан кийин пайда болгон, Чиркөө чыгарган ишенимдер. Көп Христиан бир туугандарыбыздын мындан кабары да жок.
Апачык көрүнүп тургандай, тарыхта Папалык менен Чиркөө дайыма ыйык китеп жөнүндө бир авторитетке ээ болгон. Ал тургай, ыйык китепке кайтуу маанисине келген реформа жана Протестандык кыймылына карабастан абал ушундай.
 

Христиандыкка кийин жана ар кандай этаптар менен кошууга аракет кылынган үч кудай ишеними
l        «Үч кудайлык» эч бир ыйык текстте жок. Ысым же окуу катары Христиандыктын –же башка акыйкат диндердин- эч бир ыйык окуусунда жок. Муну Христиандар өздөрү да кабыл алышат.
l        Үч кудайлык ишеними тарых ичинде ойдон чыгарылган жана Инжилге бир канча этапта киргизилген. Булар кыскача төмөнкүдөй:
ð  Аз. Иса (ас) кудай деген сөздөр 325-жылы Изник Соборунда (жыйын),
ð  Ыйык Рух кудай деген сөздөр 381-жылы Стамбул Соборунда (жыйын),
ð  Аз. Иса (ас)дын бири адамдык жана экинчиси кудайлык болуп эки табияты бар деген сөздөр болсо 451-жылы Кадыкей Соборунда кабыл алынган.
l        Үч кудайлык 381-жылы Стамбул Собору аркылуу белгилүү бир формага келгени менен, үч кудайлык элементтери жана араларындагы байланыш жөнүндө эч качан бүт баары кабыл алган бир чечимге келе алышкан эмес.
l        Матфей (Матай) Инжилинин «ата, уул жана ыйык рух атына чокунуңуз» деген сүйлөмүнөн тышкары, эч бир ыйык текстте Ыйык Рух сөзү үч кудайлыктын биринчи эки элементи болгон ата жана уул сөздөрү менен бирге эскерилген бир сүйлөм дагы жок.
l        Ал тургай, Ыйык Рухтун кудай экени жөнүндө Инжилдин эч кайсы жеринде бир сөз жана ишарат жок. Тескерисинче кээ бир Христиан булактарында Ыйык Рухтун, Куранда айтылгандай, «Рухъул Кудүс», б.а. Жебраил (ас) маанисине келээри белгиленет.
l        Матфей (Матай) Инжилинин акыркы бөлүмүнө 4-кылымда кабыл алынган үч кудай ишенимине туура келиши үчүн 28/18, 20 деп номерленген бөлүккө «ата, уул жана ыйык рух аты менен чокунуу буйругу» кошулган.
l        Төртүнчү кылымда расмийлешкен үч кудай доктринасы биринчи кылымда жазылган текстке кошулуп, ушундайча ал текст Собордун (Жыйындын) алган чечими менен Матфей Инжилине тууралаштырылган. Кийин жасалган бул кошумчалар менен тавхид (жалгыз кудай) ишенимин жактаган бир текст үч кудай ишенимин ишарат кылган абалга келтирилген.
l        Дээрлик бүт адамдардын бир эле темада ар башка пикири болгон. Ошондуктан баары бир-бирин ката кетирүү, жолдон адашуу жана динден чыгуу менен айыпташкан. Ал тургай кээде бир ишенимдеги үч кудайчылар дагы башка-башка көз-караштарда болушкан.
 

Үч кудайлык ишениминде чиркөөнүн акыркы чечими: «Үч кудайлык акыл жана логиканын темасы эмес, ойлонуп түшүнүүнүн кереги жок»
l        Үч кудайлык биринин артынан экинчиси уюштурулган жыйындар (собор), иш-аракеттер, алынган чечимдер менен тынымсыз жаңы формага келип, Инжилдеги ар кайсы сөздөр кайрадан жоромолдонуп, мурда четке кагылган сөздөр кокустан сахих (ишенимдүү) деп кабыл алынып Инжилдерге кошулуп, кээ бирлери болсо чыгарылып салынган.
l        Мындай укмуш парадоксалдуу шарттарда чиркөө үч кудай догмасынан кайтпаш үчүн алып келинген жаңы сунуш жана сын-пикирлерге карата калыптанганга аракет кылган.
l        Үч кудай ишеними менен байланыштуу кайчы пикирлер жана талаштар бүгүнкү күнгө чейин аягына чыккан жок. Бул багытта акыркы чечим 1443-жылы Флоранс Соборунда алынган. Бирок ал жыйын да бул темадагы кайчы пикир менен карама-каршылыктарды жойгон эмес жана талаш-тартыш көпкө чейин созулган.
l        Эч бүтпөгөн бул талаш-тартыштарды токтотуу максатында Папалык 1868-1870-жылдары арасында (Аз. Иса (ас)дан толук 1870 жылдан кийин) уюштурган Биринчи Ватикан соборунда үч кудайлык АКЫЛ ЖАНА ЛОГИКАНЫН ТЕМАСЫ ЭМЕС, ыйман темасы болгон бир СЫР деген чечим чыгарган. (Const. "De fide, cath", IV)
l        Башкача айтканда ичинен чыккыс туюкка айланган үч кудай темасы акыл, логика жана сахих Инжил аяттары талап кылган туура сын-пикирлерди, карама-каршылыкты толук жоюу максатында Чиркөө тарабынан «сыр» деп жарыяланган. Б.а. адамдарга мындай пикир берилген: «Бул тема жөнүндө эми ойлонуунун кажети жок!».
- Бул саптар төмөндө терең каралат.
 
Инжилдин өзгөрбөшүн жактаган Чиркөөнүн сахих кабыл алган 4 Инжилге расмий жасаган «кошумча-алымчалары»
l        Колдогу сахих (канон) кабыл алынган ыйык тексттердин кол жазма нускаларынын эң эскилери 3-кылымга чейин жетет. Б.а. алар Аз. Иса (ас)дан үч жүз жылдан кийин жазылган. Ар бир ыйык текст кол жазмаларында нуска жана сөз айырмачылыктарынын бар экени белгилүү.
l        Ал тургай, тексттерде жазылганы кабыл алынган эң эски жылдардан бир топ кийинки окуялар жана кишилерден да сөз кылынат.
l        Иоанн (Жакан) текстинин эң эски нускасы болжол менен б.з. 200-жылына чейин жетет жана Иоанн текстинин өзүнүн эле 10 миңден ашык ар түрдүү нускасы бар. Ал 10 миң түрдүү нуска арасындагы өтө маанилүү айырмачылыктардын саны 200 миңге жетет.
l        Башаламандыкты жоюу үчүн көп Инжилдерде көп түшүндүрмөлөрдүн кошулганы байкалат. Ал түшүндүрмөлөрдө төмөнкүдөй сөздөр кездешет: «Башка эски авторитеттер боюнча бул сүйлөм же сөз жок», «башка эски авторитеттер мындай... окушкан.», «башка эски авторитеттер кошушкан» же «башка эски авторитеттер төмөнкү сөздү таштап кетишкен» сыяктуу.
l        Holy Bible (Revised Standart Version, New York Glasgow 1971) чыгарылышында Марк Инжилинин биринчи сүйлөмүндө Аз. Иса (ас) жөнүндө «Аллахтын уулу» деп айтылат. Ал жерге бир-бирден мындай түшүндүрмө жасалган: «башка эски авторитеттер (Аллахтын уулу) сөзүн жазышкан эмес.»
l        Сахих деп кабыл алынган 4 Инжилдин араларында маанилүү айырмачылыктар жана карама-каршылыктар бар. Бирок бул айырмачылыктар ал Инжилдер менен эле чектелбейт. Ал Инжилдердин ар биринин эски кол жазмасы жана басып чыгарылган нускалары арасында да айырмачылыктар бар.
l        Мисалы, Матфейдин тексти стандартташтырылып жатканда анын мурдакы басып чыгарылган нускаларынын кол жазмаларындагы айырмачылыктар, кемчилик жана ашыкчалыктар каалоого жараша тандалган. Ошондуктан кайсы сөздүн туура жана жарактуу деп кабыл алынышы керек экенин түшүнүү мүмкүн эмес.
l        Марк Инжили Изник Соборунда кабыл алынышы үчүн ал Инжилдин акыркы бөлүмүндөгү кээ бир сүйлөмдөрдү чыгарып салынышы зарыл көрүлгөн. Себеби ал жердеги сөздөр үч кудай догмасына толугу менен карама-каршы келет.
l        Башка Инжил жазуучуларынын эмгектеринен ар кайсы бөлүмдөр алынып, Марк Инжилине бир бүтүү абзацы даярдалган.
l        Иоанн (Жакан) Инжилинен Аз. Иса (ас)ды иудейлердин месихи катары тааныткан сүйлөмдөрдүн баары алынып салынган. Анын ордуна адамзаттан-жогору бир Иса фигурасы киргизилген.
(Prof. Dr. Mehmet Bayrakdar, Bir Hristiyan Dogması Teslis, Ankara okulu yayınları, Eylül 2007, s. 163)


Кээ бир топтор тарабынан Иоанн тексти 110-жылы жазылган деп кабыл алынууда. Анда апостол (шакирт) Иоанн жок дегенде 140-150 жыл жашаган болушу керек, бул болсо мүмкүн эмес көрүнүүдө. Мындан тышкары, Иоанн текстинде кийинки доорлорго тиешелүү маалыматтардын болушу бул текстти жазгандардын апостол Иоанн болушу жөнүндө күмөн жаратат.
Башка Инжилдер Аз. Иса (ас)дын иудейлердин месихи, б.а. Аз. Давуд (ас)дын урпактарынан келген жана Израилди куткара турган киши экенине басым жасашкан. Иоанн Инжилинде болсо грек Христиандарды ыраазы кылбаган бүт иудей түшүнүктөрү алынып салынган. Грек философиясынын таасири Иоанн Инжилинде апачык көрүнөт.
l        Кийинки жылдары Чиркөө тарабынан ойдон чыгарылган деп кабыл алына турган ар кандай Инжилдер жана ал Инжилдерден тексттер көп убакыт бою сахих (ишенимдүү) деп кабыл алынып келген. Ал период бою аларга да моюн сунулган жана аларды туура эмес дегендер динсиз деп кабыл алынган.
l        Мисалы, 4-кылымда бир Христиан мазхабы Инжилдеги китептердин санын 23 деп кабыл алса, ошол эле мазхап бир канча кылымдан соң бул санды 27ге чыгарган.
 
Үч кудайлык темасындагы карама-каршылыктар, логикасыздыктар жана негизсиздиктер себебинен пайда болгон жаңы мазхаптар
l        Ыйык Рух кийин үчтүү бирдиктин бир бөлүгү деп чечим чыгарылган соң үч кудай темасындагы талаштар жана түшүнбөстүктөр аябай көбөйгөн.
l        Ал талаштар натыйжасында Ыйык Рух атадан да, уулдан да чыгышы керек деген бир түшүнүк чыгарылган. Ал үчүн «уулдан» маанисине келген белгилүү филиокве түшүнүгү үч кудай догмасына кошулган.
l        Ушул себептен жана кийин пайда болгон ар кандай маселелерден улам 1054-жылы Рим чиркөөсү католик жана православ мазхаптары (конфессиялары) болуп эки мазхапка бөлүнгөн.
l        Филиоквени кабыл алган католик чиркөөсү (жана кийин андан бөлүнүп чыга турган протестан чиркөөсү) Ыйык Рухтун атадан да, уулдан да чыкканын кабыл алып, ансыз да башаламан болгон үч кудайлыкты (троица) өтө башаламан кылып салган.
l        Филиоквени кабыл албаган православ чиркөөсү Ыйык Рух атадан гана келет дейт. Бул эки чиркөө арасында бүгүнкү күнгө чейин уланып келген үч кудайлык темасындагы эң чоң пикир келишпестик филиокве менен байланыштуу.
l        Ошондуктан Ыйык Рухтун үч кудайчылар тарабынан кудай деп кабыл алынышы уул кудайдын кабыл алынышынан 56 жылдан кийин болгон.
Үч кудай башаламандыгын чечүү аракеттери кыскача төмөнкүдөй: (Аллахты аруулайбыз) ачык жана расмий түрдө Аз. Иса (ас)дын кудайлыгы 325-жылы Изник (Никей) соборунда жана Ыйык Рухтун кудайлыгы 381-жылы Стамбул соборунда чечилген. 431-жылы Эфес жана 451-жылы Кадыкей соборлорунда Аз. Иса (ас)дын бири адамдык экинчиси кудай болгон эки табияттуу экени, 447-жылы жана 589-жылдагы Толедодо уюштурулган соборлордо болсо Ыйык Рухтун Аз. Иса (ас)дан экени, б.а. филиокве маселеси каралган жана Стамбул собору чечимине кошулган. Бул жердеги кыскача негизги окуялардан көрүнүп тургандай, ар собордо (жыйында) Христиандыкка башаламандык үстүнө башаламандык кошулган.
Кайра айтып кетүү керек: жогоруда берилген бүт маалыматтар Мусулмандар эмес, өзгөчө Христиан тарыхчы жана теологдор алган, жалпылай кабыл алынган жана далилдерге таянган маалымат жана тарыхый документтер. Бул маалыматтар Христиандык тарыхынын кандайча болгону жана учурдагы Инжилдин кантип калыптанганы жөнүндө бизге өтө негизги маалыматтарды берүүдө. Үч кудайлык ишениминин чындыгында Инжилде жок экенин далилдөө максатында маанилүү тарыхый маалыматтарды сунууда.
Бүт бул далилдерди көргөн соң бир адам Инжилди бул тарыхый маалыматтар менен бирге баалап, «акыл жүгүртүп», «ойлонуп» туураларды түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Минтип акыл жүгүртүү үчүн төмөнкү суроолорду логика жана абийир менен таразалоо туура болот:
l        Ар бир акыйкат динге түшүрүлгөн ар бир акыйкат китеп бирөө гана. Христиандыкта 4 башка Инжилдин болушу жана алардын ар биринин өз-өзүнчө сахих (ишенимдүү) деп кабыл алынышы кандайча мүмкүн болот?
l        4 китептин ар бири сахих болсо араларындагы карама-каршылыктар, олуттуу маани боштуктары жана тарыхый маалыматтарда өтө олуттуу айырмачылыктар кантип чыгышы мүмкүн?
l        Акыйкат динге жөнөтүлгөн акыйкат китеп кантип бир-биринен негизги ыйман маселесинде айырмалуу болгон китептер арасынан «көпчүлүк добуш менен» аныкталышы мүмкүн?
l        Көпчүлүк добушка ээ боло албаган тавхид (жалгыз кудай) ишенимин жактаган Инжилдер жана алгачкы кол жазмалары эмне үчүн күйгүзүлүп жок кылынган?
l        Тавхид ишенимин жактагандар эмне үчүн өлүм жазасына тартылышкан? Мындай душмандыктын жана жырткычтыктын себеби эмне?
l        4 Инжил жана ал Инжилдер менен бирге Христиандыкка кошулган үч кудай ишеними 4-кылымда кабыл алынган. Ал убакка чейин ал Инжилдердин жана үч кудайлыктын бар экенин билбеген Христиандардын абалы кандай болот?
l        Ыйык Рухтун кудай деп кабыл алынышы болсо бир топ кийинки жылдарга таянат. Ал кезге чейин Ыйык Рухту кудай деп кабыл албаган Чиркөө да кошо башка бүт Христиандар күнөөкөрбү?
l        Чиркөө сахих деп кабыл алган тексттердин жазуучулары Матфей (Матай), Марк, Лука (Лукман) жана Иоанн (Жакан) Чиркөө тарабынан «вахий алган кишилер» деп кабыл алынган. Бул кишилер пайгамбарларбы? Пайгамбарлардан тышкары адамдардын –апостол (шакирт) болсо да- вахий алышы кантип мүмкүн? Анда ал апостол пайгамбар сыпатына жеткен болбойбу?
l        Бир кишинин вахий алып албаганы Чиркөө тарабынан көпчүлүк добуш менен кантип аныкталышы мүмкүн?
l        Бир кишинин вахий алганын добушка коюу менен аныктап анан ал жазган тексттерге –көп өзгөртүүлөр киргизилген соң- «өзгөртүүгө болбойт жана өзгөргөн эмес» деген өкүмдү кантип коюуга болот?
l        Эгер ал 4 Инжил өзгөртүүгө мүмкүн эмес өкүмүндө болсо, көп жылдар бою Чиркөө кантип ал китептерге кошумчаларды жасап, кээ бир жерлерин оңдоп, кээ бир жерлерин алып салууда?
l        Чиркөө тарабынан 4 Инжилге кийин кошулган бөлүмдөргө ал кезге чейин эч бир Христиан моюн сунбаган болот. Анда ал кезге чейинки ал Христиандардын абалы кандай болот?
l        Бир Христиан кандайча болуп жашоосун жана ишенимин сахих Инжил аяттарына, абийирине жана акылына карап эмес, Чиркөө белгилеген жана болгондо да маал-маалы менен өзгөртүүлөр киргизип турган бир ишенимге карап гана тартипке салышы керек?
l        Бүт акыйкат диндердин негизи болгон жана бүт башка акыйкат диндерде ачык жана так белгиленген Аллахтын бар экени жана Жалгыздыгы боюнча эмне үчүн бир гана Христиандыкта бир-биринен айырмалуу мынча көп көз-караш бар?
l        Ар бири башка башка санда китеп кабыл алган бир-биринен айырмалуу Христиан мазхаптарынын (конфессияларынын) кайсынысы туура жолдо? Кайсынысынын китептери өзгөрбөс жана четке кагылгыс даражада сахих (ишенимдүү)?
l        Бир эле мазхапта кандайча болуп убакыт ичинде китеп саны 23төн 27ге чыгарылышы мүмкүн? Кайсысына ишенүү жана кайсысын туура деп кабыл алуу керек?
Бул суроолорго үч кудай тараптары эч бир Христиан чыныгы мааниде логикалуу, акылдуу, түшүнүктүү, ынандырарлык, ачык жана так бир жооп бере албайт. Үч кудайлык аты менен келип чыккан бул укмуш башаламандыкты түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Жогорудагы суроолордо тарыхый маалыматтарга таянып 4 Инжил боюнча карама-каршылыктардын кээ бирлери гана токтолдук. Үч кудай ишениминин логикасыздыгы болсо негизги маселе. Чын ыкластуу Христиандарды үч кудай ишеними жөнүндө күмөнгө сала турган жагдай ушул терең жана тамырынан башталган логикасыздык болушу керек. Буга алдыда токтолобуз.
 

Тооротту тастыктоочу кылып жөнөтүлгөн Инжил тавхид ишенимин да тастыкташы керек
Үч кудай тараптары бир Христиан башында жогорудагы тарыхый маалыматтарга таянган сөздөрдү жана жоромолдорду өз оюнда туура деп кабыл албашы мүмкүн. Бирок бул учурдагы Инжилдердин 27 түрдүү Инжил арасынан тандалгандыгы тууралуу чындыкты өзгөртпөйт.
Христиандыктын акыйкат китеби катары 4 башка Инжил Собордун (Жыйын) чечими менен аныкталган. Бул анык бир чындык. Бул 4 Инжил арасындагы карама-каршылык менен айырмачылыктар да танууга мүмкүн эмес даражаларда. Ошондуктан чын ыкластуу бир Христиан Чиркөөнүн догматик чечимдерин бир тарапка коюп, акылы жана абийири менен ой жүгүртүшү, аларды «бир сөзү да өзгөртүлбөгөн» китептер катары кабыл алуу жөнүндө бир аз ойлонушу керек. Бир сөзү да өзгөртүлбөгөн деп айтылган ал китептер түздөн-түз Чиркөөнүн өзү тарабынан көп жолу өзгөртүлгөн. Бул Христиан тарыхый булактары белгилеген бир жагдай. Учурдагы Инжил басылмаларында орун алган эски Инжил нускаларындагы түшүндүрмөлөргө байланыштуу шилтемелер дагы муну түшүнүүгө жетиштүү.
Бул жерде өзгөчө басым жасоо керек болгон бир жагдай – бул Аз. Иса (ас) менен апостолдордон соң үч кудай ишеними орун алган 4 Инжил кабыл алынганга чейин өткөн 3 кылым бою жашаган Христиандардын акыбалы. Ал кишилер болгон чын ыкласы менен Аз. Иса (ас)га жана Инжилге моюн сунса дагы, Чиркөө мажбурлаган догма боюнча, динден чыккан деген өкүмгө киришүүдө. Бул кантип мүмкүн болот? Эскертүүчүсү келген бир акыйкат дин жана анын ыйык китеби турганда, адамдарды ошончо убакыт бою чындыктарды билбестен жашаган деп ким айта алат? Аллах албетте мындай нерсеге жол бербейт.
Ошондуктан алгачкы кол жазмалар бар болгон, Инжилдин чыныгы тили болгон арамий тили колдонулуп жаткан, ошондуктан жок дегенде көбөйтүү жана которуу каталары болбогон 4-кылымдан мурдакы доор эмес, кийинки доор жөнүндө күмөн кылынышы керек. Шакирттерден кийинки доор – бул чоң ыктымалдык менен Аз. Иса (ас) жаздырган Инжилдин (Аз. Иса (ас)дын өзүнө келген вахийди өз доорунда жаздырган болушу толук ыктымал) чыныгы нускалары болгон жана ишке ашырылган бир доор. Иудей дининин уландысы болгон тавхид (жалгыз кудай) ишеними ушул себептен ал доордо сакталган. Инжил, Куранда белгиленгендей, Тооротту тастыктоочу кылып жөнөтүлгөн. Ошондуктан сахих Инжилде иудей дининин негизги ыйман шарты болгон жалгыз кудай ишеними да тастыкталган болушу керек. Куранда Раббибиз мындай деп билдирет:
Алардын (пайгамбарлары) артынан жандарындагы Тооротту тастыктоочу кылып Мариям уулу Исаны жөнөттүк жана ага ичинде хидаят жана нур болгон, алдындагы Тооротту тастыктоочу жана такыбалар үчүн жол көрсөтүүчү жана сабак болгон Инжилди бердик. (Маида Сүрөсү, 46)
Кээ бир Христиандар Аз. Иса (ас)дан соң шакирттер (апостолдор) үч кудай ишенимин жайган, ал тургай ошол жолдо өлгөн дешет. Чындыгында болсо бул бир бурмалоо. Аз. Иса (ас)дын жанындагы чыныгы шакирттердин эч бири эч качан үч кудай ишенимин жакташкан эмес, жакташы да мүмкүн эмес. (Үч кудай ишенимин жайганы белгилүү болгон жалгыз киши – бул Павел (Пабыл) жана учурда көптөгөн Христиан теолог жана Христиан булактар тастыктагандай, Павел Аз. Иса (ас) менен эч жолугушкан эмес, ал тургай анын убагында ага каршы чыккан бир киши болгон.) Аз. Иса (ас) менен шакирттери Инжил вахий кылынаардан мурда бүт башка алгачкы Христиандар сыяктуу иудей (Муса пайгамбар алып келген) дининде эле жана Израил коомунан эле. Алгачкы Христиандарда болсо эч үч кудай ишеними жок эле. Алар Тооротту тастыктоочу катары жөнөтүлгөн китебинде Тооротто апачык кабар берилген тавхид (жалгыз кудай) ишенимин көрүшкөн. Эң кызыгы учурдагы Христиандар аларды «еврей Христиандар» деп өздөрүнө кошушпайт. Аз. Иса (ас) ага вахий келе электе бир иудей жана ошол эле учурда Израил урпактарынан эместей болуп.
Ошондуктан 4-кылымдан мурдакы доор иудей тавхид дининин бир уландысы болгон, чоң ыктымалдык менен Инжилдин чыныгысы менен өкүм кылынган, ушундан улам тавхид ишеними өкүмчүлүк кылган бир доор болгон. Буларга таянсак, Рим императорлугу өкүмчүлүк кылган, путпарасттык жана путпараст үч кудай ишеними императорлук менен бирге дүйнөгө жайылган жана Инжилдин чыныгы тили болгон арамий тили унутулуп, грекче колдонулуп баштаган, саясий уруштар, ички согуштар жана дин согуштары өкүмчүлүк кылган 4-кылымдан кийинки доор бидаттар (динге кийин кошулган кошумчалар) жана Христиандыкка кошулган жаңы өкүмдөр жагынан күмөн менен каралышы керек болгон бир доор болгон. Ошондуктан жогоруда берилген тарыхый маалыматтарды ушул жагынан жакшы анализдеш керек.
 

Аллах албетте вахий кылган акыйкат китепти коргоого кудуреттүү
Кээ бир Христиандардын Аллахтын бир нур кылып жөнөткөн акыйкат китеп болгон Инжилдин убакыт ичинде өзгөргөнүн жана туура эмес жоромолдонгонун кабыл алгысы келбешин, албетте, түшүнүүгө болот. Бурмаланган бир акыйкат китепке моюн сунуу пикиринен тынчсызданып жаткан болуулары мүмкүн. Бирок чын ыкластуу Христиандар төмөнкү чындыкты эске алышы керек: учурдагы Инжилдин көп бөлүгү туура. Аз. Иса (ас)га түшүрүлгөн чыныгы Инжил өтө терең жана хикматтуу баяндардан, сонун түшүндүрмөлөрдөн турган Аллахтын вахийи жана Куранда макталат. Мусулмандар да Христиандар сыяктуу ал өкүмдөргө моюн сунууга милдеттүү.
Бирок муну менен бирге Инжилдин чыныгысы, б.а. бурмаланбаган бүтүнү ансыз да корголгон. Жашырылган жерде табыла турган күнүн күтүп жатат. Аллахтын уруксаты менен Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын чыгышын көрө турган азыркы доордо Инжилдин чыныгысы табылат. Ошондуктан Христиандар ишенгендей эч өзгөрбөгөн бир Инжил бар. Бул жердеги биздин сын-пикирлерибиз учурда акыйкат деп кабыл алынган, бирок ичинде көптөгөн логикасыздыктарды камтыган 4 Инжилдин өзгөртүлгөн жана туура эмес жоромолдонгон бөлүмдөрүнө багытталган. Андай бөлүмдөрдүн бар экени чын ыкластуу көз менен караган бир Христиан оңой гана көрө ала турган даражада ачык. Бул китептеги сөздөр аркылуу чын ыкластуу Христиан бир туугандарыбыз акылга, абийирге жана логикага чакырылууда.
Улуу Аллах албетте адамдарга жол көрсөтүүчү кылып түшүргөн акыйкат китептерди коргоого кудуреттүү. Кээ бир Христиандар Инжилдин бурмаланган болушу жөнүндөгү сөздөрдү кабыл албаш үчүн Раббибиздин ушул бийик сыпатын далил кылып көрсөтүшөт. Чындыгында болсо бул жерде жакшы түшүнүү керек болгон жашыруун бир терең маани бар:
Кайра кайталап кетүү керек: Аллах албетте Өз китебин коргоого кудуреттүү. Улуу Аллах бүт ааламда бүт нерсени кемчиликсиз жаратууга да кудуреттүү. Бирок ааламдагы бүт нерсе кемчиликсиз эмес. Ааламда кемчиликтер жана каталар бар жана аларды да Аллах жараткан. Аллахтын кемчиликтерди жаратышынын өзгөчө бир хикматы бар. Кемчиликтер аркылуу бул дүйнөнүн убактылуу бир сыноо мекени экендиги, Аллахтын алдында алсыз пенделер экендигибиз жана дүйнөнүн эмес акыреттин чыныгы мекен экендиги дайыма акылыбызда болот. Кемчиликтер болгондо адам бой көтөрбөйт, Аллахтын алдындагы алсыздыгын жана Аллахка муктаж экендигин дайыма билет.
Далилдери апачык болгон Ыйык Китептин бурмаланышы да Аллахтын уруксаты жана каалоосу менен болгон бир окуя. Бир хикмат менен, Аллахтын өзгөчө бир сыноосу үчүн ушундай жаратылган. Аллах ушундай жараткан болсо жана ал темадагы далилдерди ачык көрсөтүп жатса, ал темада катуу, ийкемсиз болуу эмес, анын түбүндөгү хикматтарды көрүү жана түшүнүү керек.
Христиан ааламынын учурда муну менен сыналып жатканы анык. Абийирлерине моюн сунууга чакырылышууда.
Бул абал Аз. Иса (ас)дын келиши жана чыныгы Инжилдин изделиши үчүн керек болгон бир мажбурлук экени да белгилүү.
Бул сыноо менен туура эмес ишенимдердин дүйнөнү капташы, адамдардын динди жамынып башаламандыкка жана кан төгүүгө түртүлөөрү жана Аз. Иса (ас) менен Аз. Иса (ас)дын келиши үчүн Тооротто, Инжилде жана Куран жана хадистерде билдирилген акыр заман белгилеринин чыгаары анык. Ошондуктан чын ыкластуу Христиандын милдети – бул Инжилдин чыныгы өкүмдөрүн издөө жана ишке ашыруу.
Бирок ошол эле учурда Христиандар Курандын акыйкат китеп болгон Инжилдин өкүмдөрүнүн баарын камтыганын да билиши керек. Акыйкат Инжилдин өкүмдөрү Куранда бар жана ушул себептен Мусулмандар да акыйкат Инжилге моюн сунууга милдеттүү.


Куран Инжилди тастыктоочу акыйкат бир китеп. Ошондуктан Мусулмандар – Мухаммеди болуу менен бирге акыйкат Инжилди ишке ашырган бир Исеви жана акыйкат Тооротту ишке ашырган бир иудей. Ушул себептен чын ыкластуу бир Христиан дагы Инжилдин чыныгысына моюн сунгусу жана акыйкат Инжил менен өкүм бергиси келсе, анда Куранда ал өкүмдөрдүн баарын табат. Акыйкат Инжил – Куранда Улуу Аллах мактаган ыйык китебибиз. Аллах Инжилдин жөнөтүлгөн доордо адамдар үчүн жол көрсөтүүчү болгонун Куранда мындайча билдирет:
Ал сага Китепти акыйкат жана өзүнөн мурдакыларды тастыктоочу кылып түшүрдү. Ал Тооротту жана Инжилди да түшүргөн эле. Мындан (Курандан) мурда (алар) адамдар үчүн бир хидаят эле... (Али Имран Сүрөсү, 3-4)
Алардын (пайгамбарлары) артынан жандарындагы Тооротту тастыктоочу кылып Мариям уулу Исаны жөнөттүк жана ага ичинде хидаят жана нур болгон, алдындагы Тооротту тастыктоочу жана такыбалар үчүн жол көрсөтүүчү жана сабак болгон Инжилди бердик. (Маида Сүрөсү, 46)
Кийин алардын изинен элчилерибизди бири-биринин артынан жөнөттүк. Мариям уулу Исаны да аркаларынан жөнөттүк; ага Инжилди бердик жана аны ээрчигендердин жүрөктөрүнө бир боорукердик жана мээрим салдык. (Бир бидат катары) Чыгарган кечилдикти болсо Биз аларга жазбадык (буйрук кылбадык). Аллахтын ыраазычылыгы үчүн (чыгарышты), бирок аны чындап аткара алышпады. Биз алардан ыйман келтиргендерге соопторун бердик. Алардан көпчүлүгү бузукулар. (Хадид Сүрөсү, 27)
Жыйынтыктасак, Христиан бир туугандарыбыз Куранды –стереотиптерге таянып четке кагуудан мурда- ушундай көз-караш менен окушу зарыл. Чын ыкластан Аллахтан туураны туура эместен айырмалоочу бир акылды тилеген ар бир адам Аллахтын бул улуу жакшылыгына ээ боло алаарын унутпаш керек.
 
 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder