3 Ağustos 2013 Cumartesi

9-БӨЛҮМ: КЭЭ БИР ЕВАНГЕЛИСТТЕРДИН АНТИХРИСТ (ДАЖЖАЛ) КӨЗ-КАРАШЫНЫН КООПТУУЛУГУ

 
Учурда бир катар евангелисттер Инжилдеги дажжал сүрөттөлүшүн туура эмес жоромолдогондуктан, Мусулмандар менен Иудейлер бир куткаруучу катары күткөн жана дүйнөгө тынчтык алып келе турган Аз. Мехди (Султан (Хан) Месих) жөнүндөгү баяндарды өз ойлорунда дажжалият менен байланыштырышууда. Бул өтө коркунучтуу көз-караш себебинен акыр заманда келе турган жана бүт дүйнөгө тынчтык алып келе турган Мехдинин сыпаттарын дажжалдын сыпаттарындай көрсөтүүгө аракет кылышууда (Аз. Мехди (ас)ды аруулайбыз). Болгондо да, ушул себептен тынчтык, сүйүү, бир туугандык сыяктуу сөздөрдү айткандарга күмөн менен карашууда. Эң биринчиден бул көз-карашта өтө чоң жаңылыштыктар бар жана булар, атайылап болбосо да, дүйнөдө сүйүүнү жок кыла турган жана жек көрүүнү жайылта турган кооптуу пикирлер.
 
Бир элди же коомду толугу менен дажжал деп жарыялоо – абийирсиздик
Бир катар евангелисттердин Инжилге таянып жасаган дажжал сүрөттөөсүндө тынчтык алып келе турган бир куткаруучу негизи дажжалга ишарат кылат деп айтылат. Бул кызыктай көз-караштын мааниси мындай: ким тынчтык, сүйүү жана достуктан сөз кылса, анда ал потенциалдуу дажжал же дажжал тараптары болот. Бул туура эмес көз-караш дүйнөдө эч кимдин тынчтыктан сөз кылбашына, эч кимдин бир-бирин сүйбөшүнө, өзгөчө Аз. Мехди (ас)ды күткөн Мусулмандардын тынчтык жана сүйүү сөзүн айтпашына жол ачышы мүмкүн болгон бир көз-караш; ошондуктан өтө кооптуу. Бул көз-караш дүйнөнүн учурдагы эң чоң муктаждыгы болгон ыймандуулардын биримдигине да жолтоо боло турган өтө туура эмес бир көз-караш.
Бул пикирге таянган кээ бир евангелисттер Израилдин айланасындагы өлкөлөр арасынан бир элди же бир коомду бүтүндөй максат көрсөтүп, Ыйык Китепте өзгөчө ушундай бир коомго ишарат кылынган дешүүдө жана ал кишилерди дажжал деп көрүп, башкаларга да дажжал деп көрсөтүшүүдө.
Бул эң биринчиден Христиандардын өздөрү ишенген ыйык китептин негиздерине да туура келбеген бир иш-аракет жана көз-караш. Ичинде жашаган ыймандуу, жакшы адеп-ахлактуу, күнөөсүз, жакшы ниеттүү адамдарды көрмөксөн болуп бир элди күмөн астында калтыруу, алдын-ала эле аларды дажжалды ээрчий турган кишилер деп кабыл алуу жана мунун негизинде ал элге душман болуу же аларга каршы жек көрүүнү күчөтүү өтө чоң бир абийирсиздик. Ар бир элдин арасында жакшы адамдар да, жаман адамдар да болот.
Дажжал тараптарлары менен Аллах тараптарлары ар доордо жакшылыкты же жамандыкты көздөгөнү жагынан бир-биринен айырмаланышат. Ошондуктан кайсы динди тутунбасын, бир элди баары жаман деш, ал жердеги күнөөсүз жана жакшы адамдарды бир сөз менен жокко чыгаруу Аллахтын дининде болбойт. Мындай дажжал сүрөттөөсү өтө таш боор, мээримден жана боорукердиктен алыс бир сүрөттөө. Мындай сүрөттөөлөр террорду, зулумдукту, бузукулукту, жек көрүүнү күчөтөт. Мындай сүрөттөөлөр адамдарды бир элге карата себепсиз бир жек көрүүгө, ал тургай, кол салууга, согушка түртөт. Мындай сүрөттөөнү жасаган ал кишилер түпкүрүндө өздөрүнүн дажжалга кызмат кылып жатканын билбей жатышат.
Кадимки шарттарда диндин маңызын билген жана жашаган бир адам мындай көз-карашты жактабашы керек. Бир туугандыкты, сонун адеп-ахлакты, адамдарга боорукердик жана мээрим менен кароонун сонундугун сезип, башкаларды да ушуга үндөшү зарыл. Бир адам бир элди бүтүндөй шайтанды ээрчигендер деп караган бир логикада болсо, демек ал киши диндин маңызын билбейт. Бүт акыйкат диндер адамдарга сүйүү менен, боорукердик менен жана мээрим менен кароону насаат кылат. Жана бүт акыйкат диндер дажжалды, дажжалдын системасын жана дажжал тараптарларын сүрөттөгөн. Бүт жамандыктардын булагы болгон дажжалды таануу жана түшүнүү өтө оңой. Ал сүрөттөөлөр боюнча:
Кан төгүүнү каалаган, кыргындарды, таш боордукту, зулумдукту колдогон ким гана болбосун дажжалдын армиясынан болуп, дажжалга кызмат кылып жаткан болот. Албетте, ал кишилердин арасында атеист да бар, Иудей да бар, Христиан да бар, Мусулман да бар. Бирок «Мусулмандар – дажжалдын армиясы» деш өтө чоң жаңылыштык болот. Бүт жакшылыктарды дажжалдын бир баштапкы алааматы деп кабыл алып, анан аны бир элге жараштыруу бир жагынан күнөө, бир жагынан абийирсиздик жана бир жагынан чоң бир акылсыздык. Ал элге тиешелүү күнөөсүз жаш балдар, күнөөсүз аялдар-эркектер, динчил чын ниеттүү жакшы адамдар бир заматта жок деп кабыл алынууда.
Бул ошол эле учурда өздөрүнүн ыйык китебине да жасалган бир доомат болот. Ыйык Китепте мындай маанидеги бир сөз такыр жок. Мындай адашкан бир ишенимди жактоо менен ал евангелисттер айланаларындагы адамдарды да туура эмес багытташып, аларды бүтүндөй жек көрүүчүлүккө түртүшүүдө. Бул күнөөсү өтө чоң бир жоопкерчилик.
 
Инжилдеги дажжал сүрөттөөлөрү дарвинизмге толук дал келет
Анан он мүйүздүү, жети баштуу бир жырткычтын Римдин деңизинен чыкканын көрдүм. Мүйүздөрүндө он таажы бар эле, ал эми баштарында Кудайды жамандаган ысымдар бар эле. 2 Мен көргөн ал жырткыч илбирске окшош экен. Анын буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай экен. Ажыдаар ага өзүнүн күчүн, тактысын жана улуу бийлик берди. 3 Мен ал жырткычтын бир башынын оор жарадар экенин көрдүм, бирок ал оор жаракат айыгып калды. Бүт жер жүзү таң калып, жырткычтын артынан ээрчиди. 4 Адамдар жырткычка бийлик берген ажыдаарга сыйынып жатышты. «Бул жырткычка ким тең келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» – деп, алар жырткычка табынып жатышты.
5 Ага текеберденип сүйлөгөн жана Кудайды жамандаган ооз берилди, ошондой эле ага өз бийлигин колдонууга кырк эки ай берилди. 6 Ошондо ал Кудайды, Анын ысымын, Анын жашаган жайын, б.а. асманда жашагандарды жамандоо үчүн оозун ачты. 7 Ага ыйыктар менен согушуп, аларды жеңүүгө жол берилди. Ага бардык уруулардын, элдердин, тилдердин, улуттардын үстүнөн бийлик берилди. 8 Жер үстүндө жашагандардын бардыгы, ысымдары дүйнө жаралганда эле союлган Козунун өмүр китебине жазылбаган адамдар ага таазим кылышат. 9 Кимдин кулагы бар болсо, ал уксун. (Аяндар, 13)
 
«Римдин деңизинен чыккан 10 баштуу жырткыч»
«Анан он мүйүздүү, жети баштуу бир жырткычтын Римдин деңизинен чыкканын көрдүм. Мүйүздөрүндө он таажы бар эле, ал эми баштарында Кудайды жамандаган ысымдар бар эле.»
Римдин деңизинен чыгып Христиандыкта 10 таажы сүрөттөгөн 10 хандыкка жайыла турган дажжалият кээ бир евангелисттер тарабынан 10 улуту бар бир өлкө бир деп кабыл алынган жана ошого карап дажжалды сүрөттөшүүдө. Бирок бул өтө акылсыз жана өтө кооптуу бир пикир.
Бул Инжил текстинде бир өлкө же бир эл эмес, 10 хандыкка, б.а. өтө чоң аймакка жайыла турган бир идеология айтылган. Бул болсо бүт дүйнөгө балээ алып келген жана дагы эле кыйратуучу таасири уланып жаткан дарвинизм. Англиядан чыккан жана бүт дүйнөгө жайылган негизсиз, жалган бир идеология болгон дарвинизм адамды бир айбанга теңеп, жашоо кокустан пайда болгон деген пикирди жайууга аракеттенүүдө. Күчтүүнүн алсызды эзиши жашоонун бир талабы деген калпты пропагандалап, бүт балээлерге, согуштарга, кыргындарга, геноциддерге себеп болгон.
20-кылымда жана азыркы кылымда да дүйнөнү балээлерге түрткөн дарвинизм биз жашап жаткан акыр заманда чыга турган дажжалдын сүрөттөлүшүнө өтө дал келет. Бир катар евангелисттер өз ойлорунда өлкөлөрдү жана элдерди дажжал атап, бир жагынан күнөөгө кирип жатышса, экинчи жагынан өтө убакыт жоготушууда. Чыныгы дажжал бүт дүйнөгө таасир берип, дүйнөнү балээге түртүүнү улантып жатканда, евангелисттер туура эмес түшүнүүнүн натыйжасында убакыт жоготуп, күрөшүү керек болгон нерсени көрө албай жатышат. Дажжал ушундай жол менен негизи аларды да алаксытууда.
Инжил текстиндеги башка бөлүмдөрдү караганыбызда да дарвинизмдин айтылып жатканын көрөбүз:
 
«Бүт жер жүзү таң калып, жырткычтын артынан ээрчиди.»
Аяндар 13төгү дажжал сүрөттөөсүндө ал жырткычтын бүт дүйнөгө жайылаары айтылууда. Бул евангелисттердин «бир эл дажжал» деген пикирин жок кылуучу бир сүйлөм. Жана бул дажжалияттын адамдар артынан чуркай турган бир пикирдик агым экенин тастыктайт. Чындап эле дарвинизм башынан аягына чейин бир көз бойомочулук болгонуна, эч бир илимий далилге таянбаганына, илимий ачылыш жана эксперименттер менен тынымсыз четке кагылганына карабастан бүт дүйнөнү өз артынан ээрчиткен.
Аяндар 13тө айтылган «Бүт жер жүзү таң калып, жырткычтын артынан ээрчиди» сүйлөмүндөгү «таң калып» сөзү өтө терең маанилүү. Бул сөз аркылуу адамдардын таң калуу менен, б.а. эмне кылаарын билбестен дажжалдын артынан ээрчий турганы айтылууда. Дарвинизмдин жайылышы да дал ушундай болгон. Далилсиз бир теория ар түрдүү көз бойомочулук ыкмалары менен провокация кылынып, натыйжада бүт дүйнө эмне кылаарын билбей ал идеологиянын билип же билбей жактоочусуна айланган. Ал тургай, мунун натыйжасында дарвинист диктаторлук бүт өлкөлөрдү, бүт университеттерди, бүт билим берүү мекемелерин, бүт расмий мекемелерди жана бүт массалык маалымат каражаттарын таасири астына алган.
 
«Адамдар жырткычка бийлик берген ажыдаарга сыйынып жатышты.»
Бул сүрөттөөдө айтылган жырткычка бийлик берген ажыдаар – дарвинизм өзүнө жасалма кудай тутунган илим. Адамдар илим ысмын дарвинизмди туура көрсөтүү үчүн колдонушту жана колдонуп жатышат. Илим дарвинизмди четке какса да, илимди жамынып чыгышып, илимди Аллахтын ордуна койушууда. Кээ бир дарвинист булактарда «илим жаңы Кудай» темасынын койулушу мунун ишке ашканын көрсөтүүдө. (Аллахты аруулайбыз)
 
«Бул жырткычка ким тең келе алат? Аны менен ким салгылаша алат?» – деп, алар жырткычка табынып жатышты.
Дарвинизмдин ар кандай борборлор тарабынан жайылтылышы, бүт дүйнөгө орнотулушу жана дарвинисттик диктаторлуктун таасири менен «четке кагылгыс» абалга алып келиниши натыйжасында адамдар бул чоң дажжалдык агымга моюн сунушту. Учурда дүйнөдө кандайдыр бир профессордун, бир мамлекеттик чиновниктин, бир мугалимдин, бир окуучунун, бир журналисттин дарвинизмге каршы сөз айтышы мүмкүн эмес. Ал кишилер заматта иштеринен айдалып, социалдык чөйрөлөрүнөн четке түртүлүп, карьералары аягына чыгат. Дарвинист диктаторлуктун мындай өкүмдарлыгы жана мындай мажбурлоосу, кысымчылыгы себебинен учурда бүт адамдар дарвинизмге моюн сунушту. Көпчүлүгү чындыкты билип туруп, дарвинисттик диктаторлуктун күчүнө туруштук бере албагандыктан, ага каршы чыгуунун ордуна, моюн сунушкан. Бул жерде дал азыркы абал сүрөттөлүп, дарвинисттик диктаторлукка кээ бир адамдардын моюн ийүүчүлүгү айтылууда. Дажжалият мына ушул.
 
«Кудайды, Анын ысымын, Анын жашаган жайын, б.а. асманда жашагандарды жамандоо үчүн оозун ачты»
Дарвинизм, дал ушул сөздөрдө айтылгандай, Аллах ишенимине каршы чыга алуу (Аллахты аруулайбыз) үчүн чыгарылган бир теория. Чындап эле биринчи күндөн баштап дүйнө жүзүндө атеизмди күчөтүп, Аллахка ишенгендер менен Жаратууну (креационизмди) жактагандар дайыма эволюция жактоочуларынын «бутасы» болуп келген. Атеисттик идеологиялардын баарынын эң негизги таянычы – бул дарвинизм. Ошондуктан бул өзгөчөлүгү менен дарвинизм бул тексттеги дажжал сүрөттөөсүнө толук дал келет.
 
«Жырткычка бардык уруулардын, элдердин, тилдердин, улуттардын үстүнөн бийлик берилди.»
Чындап эле учурда дүйнөдө дарвинизм жетпеген бир айыл да, бир шаарча да жок. Дажжал кир идеологиясын бүт тарапка жайып, бүт жерге жетти.
 
Бүт бул түшүндүрмөлөрдөн апачык көрүнүп тургандай, Инжилде сүрөттөлгөн дажжал учурда бүт элдерге уусун жайган дарвинизмдин дал өзү. Тоорот менен Курандагы дажжал сүрөттөөлөрү да дарвинисттик идеологияга толук дал келет. Ыйык Китептердин баарында ар кандай сүрөттөөлөр менен бир эле дажжал кабар берилген. Дажжал кээ бир евангелисттер ишенгендей бир өлкө, бир эл же бир коом эмес; коомдорду, элдерди жана өлкөлөрдү өкүмдарлыгы астына алган дарвинизм.
 
Дажжалды сүрөттөөдө жаңылыштыкка түшкөн бир катар евангелисттердин туура эмес такиййе түшүнүгү
Бул жерде сөз кылынган бир катар евангелисттердин кооптуулук жараткан тарабы – бул алардын жакшылыкты, тынчтыкты жана сүйүүнү жактагандарды дажжал деши. Бул кызыктай көз-караш боюнча, Христиан эмес бир киши же коом потенциалдуу дажжал жана эгер тынчтыкты, бир туугандыкты, достукту, сүйүүнү жактаса, өзүнүн дажжал экенин жарыялаган болот. Евангелисттер Куран менен Тооротто билдирилген «куткаруучу Мехди» сүрөттөөсүн да туура эмес чечмелеп дажжал катары кабылдашууда. Мындай туура эмес дажжал түшүнүгү менен адамдарга «тынчтыкты жактабагыла», «адамдарды бир туугандыкка, жакшылыкка, биримдикке чакырбагыла», «достукка жана бир туугандыкка чакырганды күмөн менен карагыла» деген пикирди сиңиришүүдө. Негизи өздөрү сезбей туруп, ал тургай балким каалабай туруп, дажжалдын каалаганын орундатып, жакшыны жаман көрсөтүп дажжалдын максатына кызмат кылышууда.
Кээ бир евангелист Христиандардын Мусулмандарга болгон туура эмес ишенимдеринин бири – бул такиййе жөнүндө айткан сөздөрү. Такиййе «коргонуу, сактануу» маанилерине келген бир сөз. Куранда Нахл Сүрөсүнүн 106-аятында «Ким ыйманынан соң Аллахка (каршы) каапырдыкка адашып, -жүрөгү ыйманга ыраазы болгон абалда кысымчылык менен мажбурлангандан тышкары- каапырдыкка жүрөгүн ачса, мына ошолорго Аллахтан бир каар бар жана чоң азап ошолорго» деп айтылат. Бул аятта ыйман кылганы менен кысымчылыкта калган бир кишинин өз жанына же башкалардын жанына коркунуч туулган оор абалдан кутула алуу үчүн утурумдук ыйманын тана алаары айтылууда. Башкача айтканда, жаны, мал-мүлкү, үй-бүлөсү же өлкөсү анык жана ыктымалдуу коркунучтарга туш болгондо бир адамдын убактылуу такиййе кылышы, б.а. тили менен ыйманынан кайтканын айтышы шариятка туура келет. Такиййенин мындан башка эч кандай мааниси жок.
Эмнегедир өкүмү ушунчалык ачык болгон бир түшүнүк кээ бир евангелисттер менен кээ бир Исламга каршы кишилердин башкача чечмелөөлөрүнө кабылган. Ал кишилер Куранда апачык айтылган бул түшүнүктү өз ойлорунда «тынчтыкты жактаган Мусулмандар бүт өмүрүн бир жалганга таяшат жана бүт адамдарды алдай алуу үчүн бул калпты жактап жашашат» деп чечмелешет. Негизи бул бир чечмелөө эле эмес, бул апачык бир доомат. Муну айткан кишилер Мусулмандарга «тынчтыкты жактап жатышат, бирок аягында чыныгы жүздөрүн көрсөтүп кыргын жасашат» деп доомат кылышууда, башка кээ бир Ислам душмандары болсо «тынчтыкты жана пикир жана ишеним эркиндигин жактагандай көрүнүшөт, бирок бүт адамдарды мажбурлап Исламга киргизүүгө аракеттенишет» деп муну бурмалашууда. Бул апачык бир ката, чоң бир жаңылыштык.
Эң биринчиден, чыныгы Мусулмандар Аллахтын Куранда билдиргенине эч шартсыз ишенип, орундатышат. Куранда болсо сүйүү, тынчтык, мээрим, кечиримдүүлүк билдирилген. Ислам дининин маңызы болгон чын ниеттүүлүк болсо жүрөктүн жана сөздүн бир болушу. Ошондуктан Мусулмандар Куранга туура келбеген бир мүнөздө болуудан өтө качынышат. Аллахтын буйруктарына ылайык дайыма тынчтыкты, сүйүүнү, бир туугандыкты, мээримди жакташат.
Такиййе – аяттан да көрүнүп тургандай, кысымчылыкта калган кишинин абалдан кутулуу үчүн тили менен ыйманын танганын айтышы. Бир Мусулман жашоосунда балким эч жолукпай турган өтө өзгөчө бир абалга тиешелүү болгон мындай бир сөздүн бир Мусулмандын бүт өмүрүнө тиешелүү нерсеге айландырылышы таң калыштуу. Бул жаңылыштыкка түшкөн кишилердин чыныгы Исламдан кабары жок, Куранда билдирилген дин ахлагынын чын ниеттүүлүккө, чынчылдыкка таянганын билишпейт. Мусулман өмүрүн жалган менен өткөрбөйт, бул арам. Мусулман бүт өмүрүн Мусулмандык алып келген чынчылдык менен жашайт. Сүйүү менен тынчтыкты болсо такиййе болсун деп эмес, Куранда Аллахтын буйругу болгону үчүн жактайт.
Бул жерде өтө чоң бир акылсыздык бар. Ойлонуп көрүңүз, бир адам Аллах ыраазылыгы үчүн бүт өмүрүн тынчтыкка, бир туугандыкка, адамдарды достоштурууга арнап, анан канчалаган кыйынчылык менен чогултуп, сүйүү биримдигин курган адамдарды кокустан өлтүрүүнү чечет. Эң биринчиден бул өтө акылсыз жана адашкан бир көз-караш. Бир адам эгер шайтандык пикирде болсо жана адамдарды өлтүргүсү келсе, анда кыргындар өтө кеңири тараган бүгүнкү күндө бул үчүн такиййе кылышынын эч кереги жок. Мындай дажжалдык жана шайтандык пикирин ансыз да ар кандай шартта жасай алат. Динди өз ойлорунда бир каражат катары колдонгон дажжал тараптары кишилердин бүгүнкү күндө муну каалагандай жасап жатканы белгилүү. Ал кишилер динди жамынып чыгышып, «диндин буйругуна ылайык» киши өлтүргүч болгонун айтышып, динге жана динчилдерге өтө чоң жалаа жабышууда жана жалган айтышууда. Чыныгы дажжалият мына ушул.
 
Дажжалга чыныгы кызмат кылгандар – бул сүйүүгө, тынчтыкка, боорукердикке тыюу салгандар
«Тынчтыкты жактагандар такиййе кылып жатышат» деген логика боюнча, Христиан эмес бүт тынчтык тараптарлары дажжал деп жарыяланышы керек. Бүт сүйүү тараптарларына дажжал деп каралышы керек. Адамдардын дин, тил, раса, маданият, улут деп бөлүнбөстөн ынтымакта болушун каалагандардын баары дажжал. Боорукердикти жактаган дажжал. Достукту жактаган дажжал. Кыскасы, Куранда, Тооротто жана Инжилде Аллах мактаган бүт жакшы адептерди бир Мусулмандын жасашына кандайдыр бир мааниде тыюу салынган. Себеби бир Мусулман эгер жакшы адеп-ахлактуу болуп, тынчтыкты, сүйүүнү жактаса, анда евангелисттердин дажжал сүрөттөөсүнө кирип калат. Ошондуктан дүйнөдө ынтымак, бир туугандык жана диндер арасында биримдик түзүүгө аракеттенген чыныгы Мусулмандар менен бир евангелисттин дос болушу мүмкүн эместей көрүнөт. Себеби достук каалаган дажжал деп кабыл алынат, достук каалабаган болсо душман деп кабыл алынат. Бул кызыктай логика жакшы адеп-ахлактуу болууга тыюу салууда.
Бул көз-караш дүйнөнү балээге алып барууга жетиштүү. Бул көз-карашта дүйнөдө тынчтык калбайт, мээрим, кечиримдүүлүк калбайт. Мындай көз-карашта дүйнөдө тынчтыктын болушу, адамдардын сүйүү менен ынтымакта болушу мүмкүн эмес, себеби дүйнөнүн 23%ын түзгөн чоң бөлүгү дажжал тараптарлары деп каралууда. Дажжал тараптарлары менен биримдик түзүү мүмкүн болбогондуктан, Мусулмандардан дайыма алыс болуу, алардын тынчтык чакырыгына алданбоо, бир туугандык, достук, биримдик жөнүндө айтып жатышса ага ишенбөө зарыл деп кабыл алынат. Бир катар евангелисттер чыгарган жана миңдеген адамды ээрчиткен бузуку жана өтө кооптуу көз-караш мына ушундай.
Бул темадагы маанилүү мисалдардын бири – бул өздөрүн Мусулман көрсөткөн бир катар радикалдардын Иудейлер жөнүндөгү бузуку пикирлери. Алар да, жогоруда сүрөттөлгөн туура эмес көз-карашты Иудейлерге карата Мусулмандарда пайда кылууга аракеттенишкен. Алардын пропагандасы боюнча, Иудейлерди жек көрүү керек, алар менен эч дос болбош керек. Бул радикалдардын бул багытта өтө көп аракет кылганына карабастан, биз КУРАНГА МОЮН СУНГАН ЧЫНЫГЫ ДИНЧИЛДЕР КАТАРЫ Иудейлерге карата мындай көз-караш болбош керек экенин өтө жакшы билебиз. Биз жолуккан Тоороттун маңыздуу өкүмдөрүнө моюн сунган Иудейлер «биз дүйнөгө тынчтык алып келүүнү каалайбыз, Тоорот бизге ушундай дейт» дегенде биз ошого гана ишенебиз. Себеби алар да, биз сыяктуу, диндин маңызын, б.а. тынчтык менен сүйүүнү жакташууда.
Бул абал Христиандарга да тиешелүү. Мусулманмын деген бир киши Аз. Иса (ас)дын келээрин күтүп жатам деген бир Христианды негизи такиййе кылып жатат, жакында келип мени өлтүрөт деп ишениши мүмкүн. Негизи бир катар Христиандардын Мусулмандарга болгон учурдагы көз-карашын караганыбызда мындай күмөнгө түшүү да өтө оңой. Бирок эч бир чыныгы Мусулман чыныгы бир Христиандан муну күтпөйт. Муну такиййе деп карабайт. Инжилге моюн сунган бир Христиандын чындыгында сүйүүгө жана боорукердикке толо экенин билет. Ошондуктан «жакшы нерсени жактап жатат, демек дажжал» деген көз-караш өтө акылсыз, өтө бузуку жана Аллах жараткан чыныгы дин ахлагына эч сыйбаган бир көз-караш.
Бир катар евангелисттер мындай сөздөрү менен негизи бүгүнкү күндө уланып жаткан жана бүт адамзатка балээ, бейпилсиздик жана коркунуч алып келген согуштарга кандайдыр бир мааниде колдоо көрсөтүүдө. Көпчүлүгү муну байкабашы мүмкүн, бирок келтирген зыяны чоң. Адамдарга эч тынчтык келбейт деген пикирди сиңиришип, массалык кыргындар, үрөй учурган сценарийлер уланат дешүүдө. Жапжаңы коркуу коомдорун пайда кылып, ал коомдорду Инжилдин чыныгысынан бүтүндөй алыс, жек көрүүгө толгон кишилерге айландырышууда. Муну Инжилге жана Христиандыкка кызмат деп ойлошууда, бирок негизи бул ыкма менен –билип же билбестен- учурда бүт дүйнөгө өкүмдарлык кылган дажжал системасына кызмат кылышууда. Мына ушул себептен бул кишилер бир салтка айланган жана кээ бир топтор эч ойлонбостон ишенген бул көз-караштын канчалык чоң коркунуч экенин эртерээк түшүнүшү зарыл.
 
Мусулмандар Куран боюнча Иудей менен Христиандарды жакшы көрүп, боорукердик кылышат. Бул такиййе эмес, Курандын өкүмү
«Мусулмандар тынчтыкты каалап такиййе кылышууда» дегендердин чындыгында Куран өкүмдөрү жөнүндө жетиштүү маалыматы жок экени да анык. Куранда Иудейлер менен Христиандар Мусулмандардын коргоосу жана кепилдиги астына берилген. Бир Мусулман сөзсүз ахли китапка боорукердик жана сүйүү көрсөтүүгө милдеттүү. БУЛ ӨКҮМДӨР ТАКИЙЙЕ БОЛСУН ҮЧҮН ЭМЕС, СҮЙҮҮ МЕНЕН ДОСТУКТУН НЕГИЗИ БОЛГОН ЧЫНЫГЫ КУРАН АХЛАГЫ ОРНОСУН ҮЧҮН бар. Бир Мусулман чыныгы Куран ахлагында болгондуктан ахли китапты жакшы көрүп, боорукердик кылат.
Ал тургай, Куран өкүмү боюнча, бир Мусулман ахли китаптан бир аял менен үйлөнө алат, анын тамагын жей алат. Бир адам кантип үйлөнгөн, балдарынын апасы болгон, «жубайым», «аялым», «сүйүктүүм» деген бир адамын кокустан бир күнү өлтүрүүнү чечиши мүмкүн? Бул кандай бир көз-караш: көп жылдар бою жакшы мамиле кылып, чогуу үй-бүлө куруп, балдарын чоңойтуп, сүйүп, урмат көрсөткөн соң Мусулман эркек кокустан оюн өзгөртүп, «мен негизи такиййе кылдым, сени эми өлтүрөм» деп куралга чуркашы мүмкүн?
Бул жиндидей бир ишеним, жиндидей бир күмөн. Ал евангелисттер өздөрү жактаган көз-караштын акылсыздыктарын түшүнө алышпоодо. Чыныгы Куран өкүмдөрүн да билишпегендиктен, туура эмес түшүнүк чыгарышып, мунун натыйжасында көп адамдар билбестен Исламга каршы болуп калышууда. Ошондуктан дүйнө жүзүндө чыныгы бир тынчтык менен достук эч мүмкүн болбоодо.
 
Аз. Мехди (ас) кан төкпөйт жана бул өкүмдүн сыртына эч чыга албайт
Бир катар евангелисттер белгилүү мөөнөттөн соң Аз. Мехди (ас)дын такиййе кылганы белгилүү болот дешүүдө. Аз. Мехди (ас) тынчтыкты жактаган саясатын таштап, үрөй учурган кыргындарды жасайт дешет. Бул акылга сыйбас пикирге эң сонун жооп Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде берилген. Мындан тышкары, хадистерге окшош сөздөрдү Тоорот тексттеринен да көрүүгө болот.
Мусулмандар ишенген жана Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистер аркылуу өтө терең сүрөттөлгөн Мехдинин эң чоң өзгөчөлүгү – бул башчы болгондо БИР ТАМЧЫ ДА КАН ТӨКПӨЙ ТУРГАН БОЛУШУ. Бул жерде баса белгилей кетчү бир жагдай бар: Мехдинин кан төкпөй турган болушу Пайгамбарыбыз (сав)дын буйругу. Пайгамбарыбыз (сав) муну ага билдирилген вахий менен айткан. Ошондуктан Аз. Мехди (ас)дын бул өкүмдүн сыртына чыгышы мүмкүн эмес. Эгер бир киши бул өкүмдүн сыртына чыгып, кан төксө, анда ал кишинин Мусулмандык менен байланышы калбаган болот. Аз. Мехди (ас) Пайгамбарыбыз (сав)дын буйругун сүйүп, каалап, чын жүрөктөн сөзсүз орундатат. Мунун сыртына чыгышы мүмкүн эмес, андай кылбайт дагы.
Бир киши Аз. Мехди (ас) болушу үчүн анда болушу керек болгон өзгөчөлүктөр хадистерде терең белгиленген. Аз. Мехди (ас)дын сүйүүнү, тынчтыкты, бир туугандыкты, мээримди алдыңкы планга койоору, муну жайуу үчүн илим менен күрөш жүргүзөөрү, адамдардын ыйманына себепчи болоору кабар берилген. Мехди (ас) сонун Ислам ахлагынын орношуна себепчи болот.
Ислам булактарында билдирилген Мехди Иудей булактарында айтылган Хан Мошийах (Машайак) жана Инжилдеги Фараклит жана суу кумурасын көтөрүп жүргөн адам деп айтылган киши менен бир. Азыр Мехдийет доорунда жашап жатабыз. Аллахтын уруксаты менен Аз. Мехди (ас) жашап жатат жана иш-аракетин жүргүзүп жатат, биз анын чыгышын гана күтүп жатабыз. Ошондуктан биз жашап жаткан доор Мехди доору болгондуктан, МЫНДАН КИЙИН СОГУШ БОЛБОЙТ. ЧОҢ СОГУШТАР БҮТТҮ. Согуш болот деген сөздөр дагы белгилүү убакытка чейин уланат, бирок согуш болбойт. Ошондуктан бир катар евангелисттердин согуш күтүүлөрү эч натыйжа бербейт.
 
Аз. Мехди (ас) курал-жарактарды жок кылат жана адамдарга пайдалуу абалга алып келет
Ислам боюнча, Аз. Мехди (ас)дын эң чоң өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул башчы болоор замат курал-жарактардын баарын жок кылышы. Бул Тооротто да айтылган бир өкүм, жана бул өкүм боюнча Хан Мошийах (Мехди) башчы болгондо бүт курал-жарактарды жок кылат. Бүт курал-жарактар ээритилип, өнөр-жайда колдонулат жана адамдарга пайдалуу абалга алып келинет. Кичинекей бир топтун согуш болот деген сөздөрдү жайышы Аллах бул дүйнө үчүн белгилеген сонун тагдырды өзгөртө албайт.
Бул дүйнөнүн тагдыры Алтын кылымды көздөй баратат. Ооба, учурда Мехди чыгаардан мурда Инжилде да айтылган чыгуу алааматтары болот жана болууда. Дүйнөдө болуп жаткан башаламандыктар ушул чыгуу алааматтарына ишарат кылууда. Бирок булардын эч бири чоң бир дүйнөлүк согушка алып келбейт. Хадистерде айтылышы боюнча согуш болот деген сөздөр болот, бирок согуш чыкпайт. Дажжал Аз. Мехди (ас) тарабынан жеңилүүгө дуушар кылынат. Бул кээ бир евангелисттер күткөндөй кан жана кыргындар менен эмес, сүйүү менен, мээрим менен, достук менен, илим менен болот.
 

Аз. Мехдинин кан төкпөшү жөнүндө кээ бир хадистер
Адамдар, бал аарыларынын башчылары айланасында чогулушу сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын айланасында чогулушат. (Аз. Мехди (ас)) Мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке толтурат. Адилеттиги ушунчалык болгондуктан, уктап жаткан бир адам да ойготулбайт жана БИР ТАМЧЫ ДА КАН ТӨГҮЛБӨЙТ. Дүйнө аср-ы саадет (бакыт кылымы) дооруна кайткандай болот. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 29 жана 48-беттер)
Аз. Мехди (ас) Пайгамбар (сав)дын жолунан жүрөт, уктап жаткан кишини ойготпойт, КАН ДА ТӨГҮЛБӨЙТ. (Muhammed B. Resul Al-Hüseyni El Berzenci, Kıyamet Alametleri, Pamuk Yayınları, Kıyamet Alametleri, б. 163)
Бул (Амир) болсо (Аз. Мехди (а.с.)) адамдар жер жүзүн мурда зулумдукка толтурган сыяктуу, ЖЕР ЖҮЗҮН АДИЛЕТТИККЕ ТОЛТУРАТ. (Sünen-i İbn-i Mace, 10/348)
Зулумдук менен бузукулукка толгон ДҮЙНӨ АЛ (АЗ. МЕХДИ (А.С.)) КЕЛГЕН СОҢ АДИЛЕТТИККЕ ТОЛУП ТАШАТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 20)
Идиш сууга толгон сыяктуу ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. Эч кимдин арасында бир ДУШМАНДЫК КАЛБАЙТ. ЖАНА БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, УРУШТАР, КЫЗГАНЫЧТЫКТАР СӨЗСҮЗ ЖОК БОЛОТ. (Sahih-i Müslim, 1/136)
... Анын (Аз. Мехди (а.с.)) доорунда жакшы адамдардын жакшылыгы көбөйөт, жамандарга да жакшылык кылынат.» (Kitab-ul Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 17)
 

Аз. Мехди (ас) илимий күрөш менен адамдарга согушту унуттуруп, тынчтык менен сүйүүнү орнотот
Аз. Мехди (ас) эч кан төкпөйт жана бүт курал-жарактарды жок кылат, демек бир катар евангелисттердин айткандарынын негизсиз экени анык. Аз. Мехди (ас)дын кан төкпөө өзгөчөлүгү көп жылдар бою жүргүзгөн илимий күрөштүн натыйжасында келип чыгат. Адамдар бир тууган болуп бир-бирин кучакташат жана чыныгы сүйүү орнойт. Аз. Мехди (ас) мындай чөйрө түзүлүшү үчүн өмүр бою бүт адамдарды, бүт динчилдерди достук жана тынчтыкка чакырат. Дүйнө жүзү тынчтык пикирин кабыл алып, сүйүүнүн жакшы экени жөнүндө тарбияланат жана жек көрүүнү бир тарапка ташташат. Ошондуктан дүйнө бузулуп, башаламандык ичинде турган бир доордо сүйүү уруктары кыйынчылык жана өтө көп аракет менен ташталганда, евангелисттер айткандай Аз. Мехди (ас)дын кокустан бир күнү «бул болгону бир такиййе эле, негизи булардын баарын кыргын үчүн жасадым» деши хадистерге, Куран жана Тоорот өкүмдөрүнө туура келбейт, жана өтө логикасыз нерсе.


Курал-жарактар жок кылынып, бүт адамдар тынчтыктын зарылдыгына ишенип, бир-бирин сүйүп, адилеттик камсыздалган болот. Булардын баарына ар кандай кыйынчылыктар менен, дооматтарга, айыптоолорго, коркутууларга карабастан, көп жылдар бою жүргүзгөн илимий күрөшү менен жеткен Аз. Мехди (ас) кокустан оюн өзгөртүп, кантип Христиандар айткандай бир кыргынды жасашы мүмкүн? Аз. Мехди (ас) эч качан мындай кылбайт, бирок мындан тышкары шарттар да эми согушка мүмкүндүк бербей турган болуп өзгөргөн болот. Айланада тынчтыкты жактаган адамдар бар жана бир дагы курал жок. Куралдар ээритилип, жок кылынган болот. Бүт адамдар Куран боюнча тынчтыктын зарылдыгына чын жүрөктөн ишенген кезде кайсы маалымат менен адамдарды согуштун зарылдыгына ынандырууга болот? Адамдарга Курандан далилдер келтирилип, аяттар айтылып, Куран боюнча жер жүзүндө тынчтыкты орнотуу керек экени түшүндүрүлгөн болот. Христиандарга жана Иудейлерге сүйүү жана боорукердик менен мамиле кылуу керек экени түшүндүрүлгөн болот. Бүт адамдар булардын Аллахтын буйругу экенин түшүнгөн болот. Мындан соң ал адамдарды мунун тескерисине кантип ынандырууга болот?
Бул албетте өтө логикасыз бир нерсе. Адамдардын согушту унутушу, согушка ынандырууга мүмкүн эмес даражага келиши Аз. Мехди (ас) менен мүмкүн болот. Аз. Мехди (ас) доорунда Курандын туура өкүмү адамдарда орногон болот. Туура өкүмдү эч ким эч качан буза албайт. Мехдийет доору Курандын сүйүүгө толгон жылуулугу, тынчтык жана бейпилдик өкүм сүргөн сонун бир доор болот.
 
Бүт ыймандуулар дүйнөнү сулуулуктун, сүйүүнүн, тынчтыктын мекени кылууга милдеттүү
Бул бөлүмдө кыскача каралган пикирлерди чыгарган евангелисттер Инжилди сүйгөн адамдар болгонуна карабастан, Инжилде кездешпеген үрөй учуруучу бир фантазияны туура деп кабыл ала турган абалга келишкен. Бул кишилер көрмөксөн болгон чыныгы дажжал ыймандуу адамдарга да ушунчалык үрөй учурарлык таасир бере алууда. Аттардын мойнуна чейин жете турган канды күткөн бир динчил үрөй учурарлык жашоодо жашап, өз тараптарларына да үрөй учурарлык жашоо жашатууда. Дажжалдык система мына ушул жерде өзүн дароо көрсөтүүдө.
Бир адам чыныгы Мусулман болсо тынчтыкты каалоого жана жактоого милдеттүү. Адамдар арасында сүйүү менен боорукердик биримдигин курууга милдеттүү. Бир адам чыныгы Мусулман болсо Христианды эч качан жек көрбөйт, Иудейди эч качан жек көрбөйт. Булар ага арам. Ал тургай, Мусулман ыйман кылбаган бир адамды да жанын үрөп коргоого, аны аман-эсен бара турган жерине жеткирүүгө милдеттүү. Бул Мусулмандын Куранда билдирилген бир сыпаты:
Эгер мушриктерден бирөө сенден «амандык суранса», ага амандык бер; ошентип Аллахтын сөзүн уксун, анан аны «коопсуздук ичинде бара турган жерине жеткир.» Бул алардын албетте билбеген адамдар болушу себептүү. (Тообо Сүрөсү, 6)
Мусулман Куран боюнча, ким болсо болсун ага корголонгонду коргоого милдеттүү. Эгер бир Мусулман мындан башкача бир мамиле кылса, анда Мусулмандык сыпатын жоготкон болот. Бул ал өмүр бою улантышы керек болгон бир сонун адеп-ахлак өзгөчөлүгү. Мындан тышкары, хадистерде Мусулмандар менен Христиандардын дажжалга каршы биримдик түзөөрү да кабар берилет. Аз. Иса (ас) келгенде Аз. Мехди (ас) менен чогуу иш-аракет жүргүзүп, дажжалды илим менен жок кылат. Дажжалияттын жок кылынышы жана дүйнөгө тынчтык орношу үчүн бул эки динди тутунгандардын биримдик түзүшү өтө маанилүү.
 
 
Бүт диндердин жана пайгамбарлардын ашыгы болгон Аз. Мехди (ас) чыкканда, Аллах ал күчтүү сүйүүнүн кооздугун да дүйнөгө алып келет. Дүйнө сүйүү менен тынчтыктын мекени болуп, сулуулуктар менен молчулуктардын жерине айланат. Евангелисттер туура эмес жана өтө кооптуу болгон жогорудагыдай үрөй учуруучу сценарийлерден кутулуп, чыныгы Мехди жана Месих кубанычын жашашы жана бул сонун тынчтыктын орношу үчүн сүйүү менен бир туугандыкты жайып, даярдык көрүшү зарыл. Аллахтын каалаганы ушул.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder