3 Ağustos 2013 Cumartesi

8-БӨЛҮМ: АЗ. ИСА (АС) ЖЕРГЕ ТҮШТҮ

Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас) азыр жер бетинде
 
 
Христиандар 2000 жылдан бери, Мусулмандар болсо 1400 жылдан бери күткөн жерге түшүү керемети ишке ашты. Аз. Иса (ас) азыр жер бетинде. Биз жашап жаткан доор акыр заман. Дүйнөнүн кутулууга жетишине себепчи боло турган эки куттуу акыр заман инсаны Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас) жер бетинде. Учурда иш-аракеттерин улантышууда. Асры Саадеттен (Пайгамбарыбыз (сав) убагындагы бактылуулук доорунан) кийинки дүйнөнүн эң маанилүү доору азыр болуп жатат. Бул ыймандуулар үчүн өтө сонун жана өтө кубандыруучу бир кабар.
Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерден жана Тоорот менен Инжил сөздөрүнөн дүйнөнүн акыркы убагына жакындаганыбызды жана Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас) доорунда жашап жатканыбызды түшүнүүгө болот. [бул жөнүндө терең маалымат алуу үчүн караңыз. Hz. İsa (as) ve Hz. Mehdi (as) Bu Yüzyılda Gelecek (Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас) ушул кылымда келет), Harun Yahya (Харун Яхья)]
Бул куттуу бир доор. Сонун бир доор. Дүйнөдө болуп жаткан «херж-ү мерж», б.а. башаламандык Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын иш-аракеттери натыйжасында токтойт. Дүйнө Асры Саадет доорунун кубанычы, молчулугу, бактылуулугу, сүйүнүчү орногон Алтын кылымды кучактап тосуп алат.
Алтын кылым бүт согуштар токтогон, бүт адамдар бейпилдик жана тынчтык ичинде жашаган, кылмыштар токтогон, ачарчылык, жокчулук, коркуу, зулумдук сыяктуу бүт балээлер жок болгон, түрмөлөр толугу менен жабылган, октор мылтыктар, бүт курал-жарактар ээритилип жок кылынган бактылуулук доору болот. Бул куттуу доордо кээ бир Христиандар күткөндөй согуштар болбойт, душмандык болбойт. Бүт диндер чогуу, бир туугандык жана достук ичинде жашашат. Алтын кылым бүт дүйнө жүзү өтө бейпил жана бакубаттыкта жашаган «бактылуулук доору» болот.
Аз. Иса (ас) чыкканда, өз оозу менен Христиандарга үч кудайлык ишениминин канчалык чоң бир жаңылыштык экенин айтып берет. Аллахтын уулу эмес экенин, өзүнүн да бүт башка адамдар сыяктуу Аллахка муктаж, алсыз бир кул экенин Христиандарга өзү айтат. Куранды окуп, Куранга моюн сунат жана бүт Христиандарды Куранга чакырат. Мына ошондо Христиандардын баары бул жерде айтылгандардын тууралыгына толук ишенишет. Жана Аллахтын уруксаты менен аятта айтылгандай, Аз. Иса (ас) өлбөстөн мурун ага ишенбей турган эч ким калбайт:
Ант болсун, ахли китаптан өлбөстөн мурун ага ишенбей турган эч ким жок. Кыямат күнү ал болсо алардын зыянына күбө болот. (Ниса Сүрөсү, 159)
Колуңуздагы бул китеп үч кудайлык жаңылыштыгына түшкөн Христиандарга терең түшүндүрмө катары жазылган. Китепте айтылган Куранда жана Инжилде орун алган баяндар аркылуу аларды туура жолго, Жалгыз Аллахтын жолуна чакыруу максат кылынган. Христиандарга өтө улуу жана сонун бир кубанычтуу кабар айтылууда. Аллах аларга жана, албетте, бүт адамдарга Аз. Иса (ас)дын ошол сулуу, нурлуу, укмуш жамалын көрсөтөт. 2000 жылдан соң боорубузга баса турган, кубаныч менен тосуп ала турган сүйүктүү пайгамбарыбыз Аз. Иса (ас) азыр жер бетинде, бүт адамдардын алдына чыга турган, көрүнөөр күнү болсо өтө жакын.

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder