3 Ağustos 2013 Cumartesi

4-БӨЛҮМ: ХРИСТИАНДАРДЫН АЛЛАХ КОРКУУСУ ЖАНА АЛЛАХ СҮЙҮҮСҮ БОЮНЧА ЖАҢЫЛЫШТЫКТАРЫ

 
Чыныгы ыйманда Аллах сүйүүсү Аллах коркуусу менен бирге болот
 
 
Бүт акыйкат диндердин негизи – бул сүйүү. Убакыттын өтүшү менен Аллах атынан чыгып, динди өз иштерине курал катары колдонууга аракет кылган кээ бир кишилер кээде динди жамынып террорду, согушту, киши өлтүрүүлөрдү жана сүйүүсүздүктү чыгарышкан. Ал кишилер кайсы динди жактайм дебесин, сөзсүз жахил (сабатсыз, караңгы) же алдамчы. Себеби Аллах кулдарынан зулумдук жана фитна эмес, сүйүү, достук жана тынчтык каалайт.
Бул жерде бул маанилүү маалыматты беришибиздин максаты – бул кээ бир Христиандардын өз диндерин бир сүйүү дини катары таанытып, иудейлик жана өзгөчө Мусулмандыкты бир коркуу дини катары көрүшү. Чындыгында болсо бул чоң бир жаңылыштык. Ислам баш болуп акыйкат диндердин баары сүйүүгө жана достукка үндөп, адамдарды тынчтыкка жана бир туугандыкка чакырат. Себеби Аллах бизден ушуну каалайт. Мындан башкача бир түшүнүктү айтып чыккандар акыйкат динди жамынып жалган айтышууда. Диндин маңызы, негизи – бул сүйүү. (Исламдын сүйүү дини экени жөнүндө баяндарыбызды китептин кийинки беттеринен таба аласыз.)
Албетте, Христиан бир туугандарыбыздын сүйүүнүн ыйыктыгына ишениши туура. Бирок кээ бирлер сүйүү түшүнүгүн өтө туура эмес чечмелешүүдө. Сүйүүнүн ичинде коркуу болбошу керек деген пикирге таянып, ал кишилердин Аллах коркуусун жашоосунан чыгарып салышы өтө чоң бир коркунуч.
 
Аллах коркуусунун чыныгы мааниси
Бул багыттагы жаңылыштыктардын кандай коркунучка себеп болооруна токтолуудан мурда, Аллах коркуусунун чыныгы маанисин билүү өтө маанилүү. Көп адамдар Аллах коркуусу түшүнүгүн туура эмес түшүнүп, коркуу мажбурлуу бир ыйманды алып келет жана бул болсо жараксыз болот дешет. Чындыгында болсо Аллах коркуусунун мааниси мындай эмес.
Аллах коркуусу – бул Аллахка терең урматтоодон келип чыккан бир коркуу менен моюн сунуу; Аллахка болгон терең сүйүү себебинен Аллах ыраазы болбой турган бир иш-аракет жана ойдон качынуу. Аллахтын сүйүүсүн жоготуп алуудан коркуу. Аллахтын достугун жоготуу – ыймандуу бир адам үчүн тозок азабынан бир топ чоң бир азап.
Аллах сүйүүсү менен Аллах коркуусу бир бүтүн. Аллахты катуу сүйгөн бир адам Аллахты каарданта турган бир иш-аракет кылуудан корккондо Аллах сүйүүсү менен коркуусу биригет. Сүйгөн бир адамдын Аллах коркуусу мына ушундай. Аллахты чындап сүйгөн бир адам кандай гана шарт болбосун, кандай кыйынчылыктарга туш болбосун, кандай сыноого кабылбасын, чын жүрөктөн, ашык болуп сүйүп Аллахка моюн сунат. Аллахка болгон сүйүүсүнө эч кандай шарт, эч бир окуя, эч бир кыйынчылык тоскоол боло албайт. Аллахтын сүйүүсүн жоготуудан коркуу Аллах сүйүүсүн дайыма сезип жашаган ал кишини дайыма стимулдайт. Ага кубаныч берет. Мындай адамдын ибадаттарында жайбаракат болушу, Аллахка кулчулукта билип туруп кемчиликтерди кетириши, уялбастан арамга кириши мүмкүн эмес. Мындай чын ыкластуу ыймандуу бир адам Аллахты ыраазы кыла алуу үчүн өмүр бою колунан келгенди жасайт.
 
Аллахтын каарынын каапырлар үчүн зарылдыгы
Аллахтын «азаптоочу» жана «өч алуучу» сыпаттары да кээ бир адамдар тарабынан туура эмес түшүнүлүүдө же атайылап бурмаланууда. Аллахтын азабы начар адамдарга, мүнафыктарга (эки жүздүүлөргө), Аллах атынан көз бойомочулук кылгандарга же кектүү каапырларга. Ыймандууларга болсо акыретте толук коопсуздук жана бейпилдик болот. Аллах Христиандар да кошо, чындап ыйман кылгандар үчүн акыретте эч кандай коркуу болбошун бир Куран аятында кабар берген:
Чындыгында, ыйман келтиргендер менен еврейлер, сабиилер жана Христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих (чын ыкластуу) амалдарды кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы. (Маида Сүрөсү, 69)
Бир адам Аллахка кул болуп, Аллахты ыраазы кылууга аракет кылып жаткан болсо Аллахтын каарынан алыс болот. Аллах заалымдардан гана өч алат. Бул Аллахтын мыйзамы. Адам зулумдук кылганда гана Аллахтын азабынан абдан коркот. Бирок жакшылык кылганда, Аллахты ыраазы кылууга аракет кылганда Аллахка ишенип таянат, көңүлү бейпил болот.
Аллахтын өч алуучу сыпаты ыймандуулар үчүн өтө чоң бир жакшылык. Мисалы, кичинекей бир жаш балага зулумдук кылган жана анан аны өлтүргөн бир адамдын кылганынын жазасын акыретте алганын, адилеттиктин орун алганын көрүү бир жакшылык. Зулумдук кылган кишинин акыретте жазасын алганын көрүү – зулумдукка туш болгон жаш бала үчүн да чоң бир жакшылык. Мына ушул себептен ыймандуулар үчүн бейиш кандай жакшылык болсо, зулумдук кылгандар жазаландырылган тозок да ыймандуулар үчүн бир жакшылык. Бейиш дагы, тозок дагы Аллахтын чексиз адилеттиги акыретте көрүнгөн жерлер. Пайгамбарларга зулумдук кылууга аракеттенгендер да, Аз. Иса (ас)га кыянаттык кылгандар жана аны шейит кылууга аракеттенгендер да, күнөөсүз балдарды, адамдарды, жаныбарларды өлтүргөндөр да Раббибиздин өч алуучу сыпатынын бир шарты катары акыретте эң адилеттүү жазасын алышкан жана алышат. Дүйнөдө алардын баарына албетте тообо эшиги ачык. Бирок тообо кылуудан бой көтөргөндөрдүн бул жазаны алышы зулумдук көргөндөрдүн да, ага күбө болгондордун да көңүлүн жай алдырат. Ошондуктан Аллахтын өч алуучу сыпаты чындап ыйман келтирген абийирдүү бир адамды кубантышы керек.


Боорукердик темасын да жакшы түшүнүү керек. Бизге боорукердик сезимин үйрөткөн Аллах. Аллах каалабаганда, дүйнөдө эч ким мындай сезимдин бар экенин билмек эмес. Адамдардын баары боорукердик сезимин эч билбестен жашашмак. Ошондуктан Аллах жараткан жана үйрөткөн бир нерсени Аллахка карата далил көрсөтүү, Аллахка боорукердик сабагын берүүгө элтенүү (Аллахты аруулайбыз) өтө чоң бир караңгылык, чоң бир күнөө. Аллах чексиз мээримдүү. Улуу Аллах кимдин кандай табиятта жаратылганын, кимдин мээримге, боорукердикке, кимдин болсо азапка ылайыктуу экенин, албетте, эң жакшы билет. Акыретте эч ким тырмактай бир адилетсиздикке да кабылбайт. Аллах чексиз адилеттүү жана акыретте бүт адамдар жөнүндө адилеттик менен өкүм берилет. Инжилде Раббибиздин чексиз адилеттигин баяндаган сөздөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Аны сөгүшкөндө сөгүү менен жооп берген жок, кыйналганда эч кимди коркуткан жок; доосун адилеттик менен соттоочу Теңирге калтырды. (1 Петир 2: 23)
Адилетсиздик кылган кылган адилетсиздигинин жазасын алат, эч кандай бөлүнүүчүлүк кылынбайт. (Павелдин Колосалыктарга каты, 3:25)
(Аллах) жамандык кылгандардын баарына... кыйынчылык жана азап берет; жакшылык кылгандардын баарына... улуулук, урмат, эсенчилик берет. Себеби Аллах адамдар арасында бөлүүчүлүк кылбайт. (Павелдин Римдиктерге каты, 2:9-11)
Аллах «бүт баарына кылгандарына жараша тиешесин берет.» Дайыма жакшылык кылып улуулук, урмат, өлүмсүздүк издегендерге түбөлүк жашоо берет. Өзүмчүлдөрдүн, чындыкка моюн сунбай адилетсиздик кылгандардын үстүнө болсо азап менен каарын жаадырат. (Павелдин Римдиктерге каты, 2:6-8)
Аллах адилетсиз эмес. (Аллахты аруулайбыз.) Эмгегиңерди жана ыйыктарга кызмат кылып жана кылууну улантып Ал үчүн көрсөткөн сүйүүңөрдү унутпайт. (Эврейлерге кат, 6:10)
Аллах Куран аяттарында болсо мындайча буюрат:
Биз болсо кыямат күнүндө өтө туура таразаларды койобуз; эч бир напси (адам) эч бир нерседе адилетсиздикке кабылбайт. Бир кычынын даны болсо да ага (таразага) алып келебиз. Эсеп тутуучу катары Биз жетиштүүбүз. (Анбия Сүрөсү, 47)
Зулумдук кылган ар бир жан жер жүзүндөгүлөрдүн баары аныкы болсо аны (азаптан кутулуу үчүн) сөзсүз садака кылып бермек. Алар азапты көргөндө бушаймандыктарын жашырышат, чындыгында болсо алар адилетсиздикке туш болбостон араларында адилеттик менен өкүм кылынды. (Йунус Сүрөсү, 54)
 
 
Аллах коркуусу Аллахка жакшы бир кул болуу жана бейишке ылайык болуу үчүн шарт
Жогоруда саналгандар ыймандуу бир адамды алдыга түртүүчү өтө зор чындыктар. Аллахты чындап сүйгөн жана ушунан улам Аллахтын алдында кемчилик кетирүүдөн өтө корккон бир адамдын окуяларга көз-карашы такыр башкача болот.
Мындай адам арамга кире албайт, ибадаттарын билмексен боло албайт, абийиринин үнүн укмаксан боло албайт. Кыскасы, Аллах үчүн кылышы керек болгон нерселердин баарын өтө көңүл коюп жасайт.
Мындай адам абийирлүү болот, эгоист болбойт, өмүрүнүн аягына чейин жан аябас жана боорукер болот.
Мындай адам эч качан башкаларга зыян тийгизбейт, Аллахка жооп бере албай турган бир нерсени кылуудан өтө коркот.
Мындай адам ар бир көз ирмеминин эсебин Аллахка берээрин, Аллахтын дайыма аны көрүп тураарын билип жашайт.
Ал адам чыныгы жашоонун бул дүйнө эмес, акырет экенин дайыма эсинен чыгарбайт.
Мындай адам Аллахты чындап сүйүүнүн кубанычы, сүйүнүчү жана толкундоосун сезип жашайт. Бул толкундоо өмүр бою эч качан бүтпөйт. Ошондуктан Аллахтан корккон бир адам немат-жакшылык ичинде жашайт.
Инжилде Аллах коркуусу төмөнкү сөздөр менен сүрөттөлгөн жана Христиандар Аллах коркуусуна чакырылган:
... Жат, алыс бир жерди эске салган бул дүйнөдөгү убактыңарды Аллах коркуусу менен өткөргүлө. (Петирдин биринчи каты, 1:17)
Теңирден коркуунун эмне экенин билгенибиз үчүн адамдарды ынандырууга аракет кылуудабыз. Эмне экенибизди Аллах билет; силер да абийириңерде билесиңер деп үмүттөнөм. (Павелдин Корунттуктарга экинчи каты, 5:11)
... Сенин каарың аларга келди. Өлүүлөрдү соттоо, кулдарың болгон Пайгамбарларды, ыйыктарды, кичине болсун чоң болсун Сенин атыңдан корккондорду сыйлоо жана жер жүзүн кыйраткандарды кыйратуу убактысы да келди. (Аяндар, 11:18)
Ошентип Аллахты ыраазы кыла тургандай урмат жана коркуу менен ибадат кылалы. (Эврейлерге кат, 12:28)
Эгер бир адам Аллахка жакшы бир кул боло албай каламбы деген коркуу ичинде болбосо, Аллахты сүйөм деп айтып, бирок Аллах үчүн өтө аз нерсе кылып жатса жана түбөлүк акырет жашоосунда кутулуу үчүн Аллахка болгон сүйүү гана жетиштүү деп жатса, ал киши өтө жаңылып жаткан болот. Мындай көз-караш Аллах каалаган чын ниеттүүлүккө туура келбейт. Аллах коркуусу адамды ибадаттарды орундатууга, Аллах үчүн андан да жакшыраак бир кул болууга түртүүчү эң негизги фактор. Ошондуктан Аллах коркуусу керек эмес (Аллахты аруулайбыз), Аллах сүйүүсү гана болсо жетиштүү деп ойлогон бир адам коркуу менен үмүт ичинде болгон бир маанайда болбойт. Бул болсо Аллахтын ыраазылыгына жетүү жана Аллахты ыраазы кылуу үчүн тынымсыз аракет кылышына жолтоо болуп, андай кишини дайыма жалкоолукка түртөт.
Учурда Аллах коркуусун четке кагып Аллахты сүйүү гана жетиштүү деген кээ бир Христиандар дал мына ушундай абалда. Ошондуктан ал кишилер Аллахтан коркуунун эмне экенин бул жерде айтылгандарга карап кайрадан ойлонуп, Инжилдеги «Аллахтан корккула» деген чакырыктарга моюн сунуулары зарыл.
 

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder