3 Ağustos 2013 Cumartesi

БАШ СӨЗ: ХРИСТИАНДАР ИСА МЕСИХТИ УГУШСУН

 
Бул китептин максатын туура түшүнүү эмне үчүн маанилүү?
 
 
Бул китепти окуган Христиан бир туугандарыбыз түшүнүшү зарыл болгон өтө маанилүү бир чындык бар: китептин жазылуу максаты – эч Христиан бир туугандарыбызды сындоо, аларды жамандоо, Инжилди толугу менен жокко чыгаруу же Христиандык динин жок кылуу эмес.
Мусулмандар Бакара Сүрөсүнүн 136-аятында айтылгандай: «Биз Аллахка, бизге түшүрүлгөнгө, Ибрахим, Исмаил, Исхак, Йакуб жана урпактарына түшүрүлгөнгө, Муса жана Исага берилген менен пайгамбарларга Раббиңден берилгенге ыйман келтирдик. Алардын эч бирин башкасынан бөлбөйбүз жана биз Ага өзүбүздү тапшырганбыз» дешет. Ошондуктан Мусулмандар да дал Христиандар сыяктуу Инжилдеги акыйкат өкүмдөргө моюн сунууга, терең маанилүү баяндарды бийик тутууга милдеттүү.
Бир Мусулман Мусулман болуу менен бирге ошол эле учурда ЧЫНЫГЫ БИР ИБРАХИМИ (Ибрахим пайгамбарга ишенет), ЧЫНЫГЫ БИР НУХИ (Нух пайгамбарга ишенет), ЧЫНЫГЫ МУСЕВИ (Муса пайгамбарга ишенет), ЧЫНЫГЫ ИСЕВИ (Иса пайгамбарга ишенет). БҮТ ПАЙГАМБАРЛАРДЫ КАБЫЛ АЛЫП, СҮЙҮП, МАКТАЙТ ЖАНА БИЙИК ТУТАТ. Христиандар менен бирге Мусулмандар да биз жашап жаткан акыр заманда Аз. Иса (ас)дын келишин күтүп жатышат. Ошол эле учурда тынчтыктын жана сүйүүнүн дини болгон Исламдын бир талабы катары ЧЫНЫГЫ МУСУЛМАНДАР КУРАНДА КИТЕП БЕРИЛГЕНДЕР (АХЛИ КИТАП) ДЕП ТААНЫТЫЛГАН ХРИСТИАНДАРДЫ ЖАНА ИУДЕЙЛЕРДИ СҮЙҮҮ, АЛАРДЫ КОРГОП КОЛДООГО МИЛДЕТТҮҮ.
 
Куранда Аз. Иса (ас), Аз. Мариям (ас), Христиандар жана Инжил макталган көптөгөн аяттар бар. Христиандыкка кийин кошулган кээ бир туура эмес ишенимдер Куранда оңдолгону менен, Куран Акыйкат бир китеп болгон Инжилдин Аллахтын вахийи бир Китеп катары түшүрүлгөнүн тастыктайт. Куранда ХРИСТИАНДАР МЕНЕН ИУДЕЙЛЕР «КИТЕП БЕРИЛГЕНДЕР» КАТАРЫ ӨЗГӨЧӨ БИР СТАТУСКА ЭЭ ЖАНА АТЕИЗМГЕ КАРШЫ МУСУЛМАНДАРДЫН ДОСУ.
Ошондуктан Китеп берилгендерди туура, ишенимдүү Тоорот жана Инжил өкүмдөрүнө баш ийүүгө чакыруу, аларга туураны көрсөтүп, алардын мындан да динчил жана мындан да чын ыкластуу болушуна шарт түзүү, аларды Аллахка бир жана жалгыз деп ыйман кылууга чакыруу Мусулмандардын милдети. Бул Аллахка ишенгендердин арасында бир туугандык, жакындык жана биримдиктин орун алышы үчүн да өтө маанилүү.
Бул китептеги Христиан бир туугандарыбызга арналган сөздөрдүн максаты – чын ыкласка, туура жолго, б.а. акыйкат Инжилге бир чакыруу. Христиандарды Аз. Иса (ас)га вахий кылынган акыйкат Инжилде жок, туура эмес нерселерден жана жалган кошумчалардан тазалай алуу ЖАНА АЛАРДЫН ЧЫНЫГЫ ИНЖИЛДИН ӨКҮМДӨРҮНӨ МОЮН СУНГАН, ЧЫНЫГЫ ХРИСТИАНДАР БОЛУШУНА ШАРТ ТҮЗҮҮ.


Христиандардын чын ыкластуу динчил болушу Мусулмандар катары биз да каалаган бир нерсе. Биздин милдетибиз – Аллахтын Курандагы «жакшылыкка буюруу жана жамандыктан тосуу» (Али Имран Сүрөсү, 104) жана китеп берилгендерди тавхидге (Аллахтын Жалгыздыгына) чакыруу (Али Имран Сүрөсү, 64) буйруктарына ылайык кээ бир Христиан бир туугандарыбызды билбестен түшкөн жаңылыштыктарынан кайтара алуу, аларга акыйкатты жана туураны көрсөтө алуу. Мына ушул себептен бүт ыймандуулар сыяктуу Христиандарды да бул коркунучтарга карата эскертүү, Аллах билдирген акыйкат өкүмдөргө, акылга жана логикага чакыруу өтө маанилүү.
Бул китепте акыйкат дин болгон Христиандыктын ичине көп жылдар ичинде кирген жана Куранда бир коркунуч катары эскертилген ишенимдер каралат. Бул жаңылыштыктарды кабар берген Куран аяттары белгиленүү менен бирге, негизи Христиандардын өздөрүнүн Ыйык Китеби болгон Инжилден бул жаңылыштыктарды четке кага турган далилдер сунулат. Бүт ишенимдердеги сыяктуу Христиандык ишениминде да өтө радикалдуу көз-карашта болгон, сөз кылынган бул туура эмес ишенимдеринде өтө бекем турган, Куранды стереотип менен караган Христиандар болушу мүмкүн. Андай Христиан бир туугандарыбызга бул жерде жазылгандарды объективдүү көз менен окушун жана айтылгандарды жапжаңы бир көз-караш менен акыл калчап баа беришин кеңеш кылабыз. Бул аларды Инжилдин өкүмдөрүнөн алыстатпайт, тескерисинче, Аллахтын уруксаты менен, ИНЖИЛДИ АНДАН ДА ЧЫН ЫКЛАСТУУЛУК МЕНЕН БААЛАШЫНА ЖАНА ИНЖИЛГЕ ТОЛУГУРААК МОЮН СУНУШУНА себепчи болот.
 
Китептеги Аллахка карата урматка туура келбеген бүт сөздөрдөн Аллахты аруулайбыз.
 
 
Рахман Рахим Аллахтын аты менен
 
Айткын: Ал Аллах жалгыз. Аллах Самед (бүт баары Ага муктаж, түбөлүктүү, эч нерсеге муктаждыгы жок). Ал төрөгөн эмес жана төрөлгөн эмес. Жана эч нерсе Ага тең эмес. (Ихлас Сүрөсү, 1-4)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder