3 Ağustos 2013 Cumartesi

6-БӨЛҮМ: КЭЭ БИР ХРИСТИАНДАРДЫН АРМАГЕДДОН ЖАҢЫЛЫШТЫГЫ

Акыр заман дажжал фитнасы боло турган доор
 
Азыр биз акыр заманда жашап жатабыз. Бул маанилүү убакыт периоду дүйнөдөгү кыяматтын алдындагы бир доор. Жана бул ыйык доор Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде, ошондой эле, Инжил менен Тоорот тексттеринде өтө терең сүрөттөлгөн. Кыяматтын алдындагы бул доор, б.а. акыр заман дажжал фитнасы боло турган, балээлер, зулумдуктар, башаламандык жана бактысыздыктар, согуштар, кыргындар, адеп-ахлактык бузулуу, экономикалык кризис, материалдык кыйроо, террор, зомбулук жана жырткычтык кеңири жайыла турган жана бүт адамдар бир куткаруучу издеген бир доор болот. Көп адамдар бул доордо жамандыкты жайышып, Аллахты жана ибадаттарды унутушуп, өз ойлорунда маселелерди согуш, кыргын жана жамандык менен чечебиз дешип, башаламандык жана бузукулукка багыт алышат.
Акыр заманда дажжал фитнасынын жайылышы жер жүзүндөгү бүт элдердин балээге түртүлүшү жана адамдардын бир куткаруучу үчүн Аллахка жалбарышы менен бирге Раббибиз акыр замандын куттуу инсандарын жер жүзүнө жөнөтөт. Ал куттуу инсандар – Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас). Жер жүзү Аз. Иса (ас) менен Аз. Мехди (ас)дын жер жүзүндө көрүнүшү натыйжасында тынчтанып, дажжалдын фитнасы токтойт жана жер жүзүнө мурда эч болбогон бир Алтын кылым доору келет. Ал доордо согуштар токтоп, бир тамчы да кан төгүлбөйт; ок, мылтык, курал-жарак колдонулбайт; адамдар эч кандай зулумдук көрүшпөйт. Аз. Мехди (ас) жер жүзүнө толук бир тынчтык жана бейпилдикти алып келет, адилеттик менен өкүм жүргүзөт жана уктап жатканды да ойготпойт. Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде бул улуу жана маанилүү чындыкты төмөнкүчө кабар берген.
Адамдар, бал аарыларынын башчылары айланасында чогулушу сыяктуу, Аз. Мехди (ас)дын айланасында чогулушат. Мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке толтурат. Адилеттиги ушунчалык болгондуктан, УКТАП ЖАТКАН БИР АДАМ ДА ОЙГОТУЛБАЙТ ЖАНА БИР ТАМЧЫ ДА КАН ТӨГҮЛБӨЙТ. Дүйнө аср-ы саадет (бакыт кылымы) дооруна кайткандай болот. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 29 жана 48-беттер)
[АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН] ДООРУНДА БИР АДАМ ДА УЙКУСУНАН ОЙГОТУЛБАЙТ, БИР АДАМДЫН ДА МУРДУ КАНАБАЙТ. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 44-бет)
Ага  [Аз. Мехди (ас)га] моюн сунгандар [Кааба тараптагы] рүкун менен макам арасында моюн сунушат. УКТАП ЖАТКАНДЫ ОЙГОТПОЙТ, ЭЧ КАН ТӨГҮШПӨЙТ. (El-Heytemî, El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 24-б.)
 

 
Аз. Мехди (ас) доорунда согуш болбойт:
СОГУШ [АДИСТЕРИ] ДА САЛМАКТАРЫН [КУРАЛ-ЖАРАКТАРЫН] ТАШТАЙТ. (Sünen-i İbn-i Mace, 10/334)
СОГУШ [АДИСТЕРИ] САЛМАКТАРЫН [Б.А. КУРАЛ-ЖАРАК Ж.Б.] ТАШТАЙТ. (İmam Şa'rani, Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, 496)
Душмандык менен кекенүүнү да жоготот... ИДИШ СУУГА ТОЛГОН СЫЯКТУУ ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. Дин биримдиги да болот, андан соң Аллахтан башкага сыйынылбайт. СОГУШ ДА САЛМАКТАРЫН ТАШТАЙТ. (Sünen-i İbn-i Mace, 10/334)
Эч кимдин арасында бир душмандык калбайт. Жана бүт ДУШМАНДЫКТАР, УРУШТАР, КЫЗГАНЫЧТЫКТАР СӨЗСҮЗ ЖОГОЛОТ. (İmam Şa'rani, Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahirzaman Alametleri, 496)
 
 
Аз. Мехди (ас) доорунда жамандыктар жоголуп, ордуна жакшылыктар келет:
Анын (Аз. Мехди (ас)) доорунда ЖАКШЫ АДАМДАРДЫН ЖАКШЫЛЫГЫ КӨБӨЙӨТ, ЖАМАНДАРГА ДА ЖАКШЫЛЫК КЫЛЫНАТ. (Kitab-ul Burhan fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 17-б.)
Идиш сууга толгон сыяктуу жер жүзү тынчтыкка толот. Эч кимдин арасында бир ДУШМАНДЫК КАЛБАЙТ. ЖАНА БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, УРУШТАР, КЫЗГАНЫЧТЫКТАР СӨЗСҮЗ ЖОГОЛОТ. (Sahih-i Müslim, 1/136)
 
Аз. Мехди (ас) доорунда согуштардын токтошу Тооротто да кабар берилген:
... Акыркы күндөрү... Теңир көп элдердин арасындагы келишпестиктерди жойот... Эл элге кылыч көтөрбөйт, согуш таалимин да андан соң кылбай калышат. (Исаия, 2:2-4; Михей, 4:1-3)
Согуш унааларын Эфрайымдан, аттарды Иерусалимден алыстатам. Согуш жаалары сынат... (Захария, 9:10)
Ал доордо [Аз. Мехди (ас) доорунда] ачарчылык же согуш, кызганычтык же душмандык болбойт... (Маймонид, Мишна Тора, Хандардын мыйзамдары 12:5)
... Өлкөдөн жааны да, кылычты да, согушту да жок кылам, аларды коопсуз жашай турган кылам. (Осия, 2:18)
... Жериңерге бейпилдик берем. Уктап жатканыңарда эч ким тынчыңарды албайт... Эч кандай согуш көрбөйсүңөр. (Лебилер, 26:5-6)
«... Чогулткан курал-жарактарын өрттөшөт. Чоң-кичине калкандарды, жааларды, окторду, таяктарды, жебелерди отко ташташат... Күйгүзүү үчүн курал-жарактарды колдонушат...» Өкүмдар Теңир ушундай дейт. (Жезекиел, 39:9-10)
... Адамдар кылычтарын балка менен уруп соко темири, жебелерин багбан бычагы кылышат... (Исаия, 2:4; Михей, 4:3)


Ошондуктан Аз. Мехди (ас) менен Аз. Иса (ас) доорунда кан жок. Согуштар жок. Дажжалдын фитнасы токтотулат. Элдерге, өлкөлөргө тынчтык келет. Ал доордо эч ким согушту көздөбөйт. Себеби согуштун түпкү себеби болгон жалган ишенимдер, дарвинисттик-материалисттик көз-караш жана бул калпычы көз-караш себеп болгон өз кызыкчылыгын ойлоо, өзүмчүлдүк жана таш боордук жоголот. Адамдарды чыныгы динчилдиктен алыстаткан радикалдуу дин жана идеологиялар жок болот жана натыйжада зомбулук менен сүйүүсүздүктүн түпкү идеологиясы жок болот. Аз. Мехди (ас) жана Аз. Иса (ас)дын келиши менен боло турган Алтын Кылым дүйнөнүн эң бактылуу, эң бейпил, эң тынч жана эң молчулук доору болот. Аз. Мехди (ас) чыкты. Аз. Иса (ас) болсо асмандан түштү, учурда көрүнөөр убактысы күтүлүүдө. Жашыруун өз кызматын ишке ашырып баштады. Бул эки куттуу инсан тең дажжалдын фитнасына каршы илимий күрөштөрүн азыр жүргүзүп жатышат. Мындан ары тынчтык менен бейпилдикти көздөй барабыз. Мындан ары согуш жок. Христиандар күткөн Армагеддон согушу шайтан бүт дүйнөнү кыйраткан, дажжал дарвинизм жана коммунизм фитнасы менен дүйнөнү каптаган өткөн жылдары болуп бүттү. Өтө аз сандагы Христиан гана муну түшүнүүдө.
 
 
Армагеддон сценарийлеринин артындагы тымызын пландар
Кээ бир Христиандар Инжилде Аз. Месих чыгаар убакта болоору айтылган Армагеддон согушу учурунда аттардын тизгиндерине чейин жете турган көлөмдө кан төгүлөт дешет. Ал согушта жети жылга созула турган бир кыйынчылык доору болоорун, согуштарда Иудейлердин төрттөн үчүнүн Мусулмандар тарабынан жок кылынаарын, Израил жана бир катар Ортоңку чыгыш жерлеринин толугу менен кыйратылаарын, булардын баарынын Аз. Иса (ас)дын чыгышы үчүн маанилүү бир ишарат болоорун айтышат.
Бул үрөй учура турган сценарий боюнча, Иудейлер Мусулмандарды «Армагеддон» деп аталган согушта жеңмейинче, Аз. Иса (ас) жер жүзүнө кайра келбейт. Ушул себептен кээ бир Христиандар Аз. Иса (ас) жер жүзүнө кайтышы үчүн бул чоң согуштун чыгышын жана согушта Иудейлердин жеңишин шарт катары көрүшүүдө. Ал согуш бүткөн соң болсо Аз. Иса (ас)га ыйман кылган 144000 Иудейден тышкары бүт Иудейлердин кырылышы күтүлүүдө. Ал кандуу согуштардын натыйжасында бүт Мусулмандардын жана дээрлик бүт Иудейлердин жок кылынаарына; Аз. Иса (ас)га моюн сунган Христиандар менен тандалган 144000 Иудейдин гана кутулууга жетээрине ишенишүүдө.
Ал евангелист Христиандар Инжилде акыр заманда болоору билдирилген жана терең сүрөттөлгөн Армагеддон согушун бүтүндөй туура эмес чечмелешүүдө. Жана бул туура эмес ишенимдин бир талабы катары учурда Ортоңку чыгышта тынымсыз кан агышын, бир туугандын бир тууган менен согушушун жана эч түгөнбөгөн жаңжалдарды Аз. Иса (ас)дын келиши үчүн сөзсүз зарыл бир шарт дешүүдө. Түркиянын түштүк-чыгышын камтыган, ошондой эле Ирак менен Сирияны ичине алган жана Ортоңку чыгышка чейин созулган чоң аймакта, өз ишенимдери боюнча, Иудейлердин көпчүлүгү кырылып, кан селдей ага турган бир жырткычтык үчүн даярданышууда. Бул согуш күтүүсү евангелист Христиандардын көпчүлүгү үчүн артка кайткыс бир максат, күн өткөн сайын күчтөнгөн бир мүдөөгө айланган, себеби алардын туура эмес ишеними боюнча, Аз. Иса (ас) чыгышы үчүн Армагеддондун болушу, бул аймактын эртерээк канга бөлөнүшү зарыл.
Мындай күтүүнүн бир натыйжасы катары кээ бир Христиандар дүйнөдө болуп жаткан согуш, уруш жана пикир келишпестиктерди токтотуунун ордуна, кан төгүлүшүнө шарт түзө турган саясаттарга колдоо көрсөтүп, ал тургай өлкөлөрдү согушка күүлөшүүдө. Бул жырткычтыкты өз ойлорунда бир «башталгычтын жарчысы» катары көрүшүп, Аз. Иса (ас) келиши үчүн бул жырткычтыкка колдоо көрсөтүшүбүз керек деген жаңылыш пикирге ишенишүүдө.
Мусулмандарды согуш менен кыргын тараптарындай көрсөтүүгө, өздөрүн болсо сүйүү жана тынчтык тараптары көрсөтүүгө аракеттенген кээ бир Христиандардын мынчалык көксөп согуш күтүп жатышы өтө кызык. Чындыгында болсо, Ислам ишеними боюнча, акыр заманда Аз. Иса (ас)дын алдында чыга турган жана Аз. Иса (ас) менен бирге бүт дүйнөгө Ислам ахлагын орното турган Аз. Мехди (ас) доорунда согуштардын болбошун сүйүнчүлөгөн киши – бул Ислам Пайгамбары Аз. Мухаммед (сав). Б.а. Христиандардын дүйнө жүзүндө жүргүзгөн пропагандасынын тескерисинче, чындыгында тынчтык, бейпилдик, адилеттик, боорукердик жана сүйүү тараптары бир акыр заман ишеними болгон дин – бул Ислам.
Куранга да, Инжилге да, Тооротко да эч туура келбеген, Аллах эч ыраазы болбой турган бул кандуу сценарий бул Христиандар тарабынан Аллахтын убадасы жана акыр заман үчүн жазган тагдыры деп айтылып, көп убакыттан бери Христиандардын көпчүлүгү бул сценарий менен алданып келишти.
Чындыгында болсо көп жылдардан бери ишке ашырылып келе жаткан бул кандуу сценарийде өтө караңгы бир оюн жана аягы балээ менен бүтө турган чоң бир алдамчылык бар. Оюнду ойногон тарап – бул өтө кандуу жана өтө чектен чыккан максаттарын ишке ашырууга аракеттенген дажжал тараптарлары. Кээ бир Христиандардын Аз. Иса (ас)дын кайтышы үчүн миллиондогон адамдын канынын төгүлүшүн, өлкөлөрдүн кыйрашын сөзсүз зарыл болгон бир шарт деп жакташы жана өтө капылеттик менен бүт Мусулмандар өтө толкунданып күткөн куттуу Аз. Мехди (ас)дын чыгышын дажжалият деп көрсөтүүгө аракеттениши – чындыгында дажжал идеологиясынын дал өзү.
Бул сценарийде жаңылган тарап – бурмаланган Инжил тексттериндеги кээ бир баяндарды туура эмес чечмелеп, аттардын тизгинине чейин кан төгүлүшүн толкунданып күткөн бир катар евангелист Христиандар. Көп жылдар бою бүт дүйнөнү канга булаган дажжалият бүт адамзатка коркунуч жараткан бул караңгы оюн аркылуу кайрадан кан каалап жатат жана кишилерди алдай алышынча бул согушта өз аскерлери кылып даярдап жатат.
Бул – дүйнөдө жашыруун бир уюм жана өкүмдарлык курууну каалаган топтордун Христиандыкты жамынып Инжилдин кийин кошулган же туура эмес чечмеленген кээ бир бөлүмдөрүн далил көрсөтүп ойногон бир оюну. Бул оюнду динчил көрүнүп ойношууда. Дажжал армиясы тарыхта да көп жолу колдонуп, көп жолу ийгиликке жеткен бул оюнду кайра ойноодон тартынбоодо. Алардын максаты – динчил Мусулман, Христиан жана Иудейлердин бир тууган болушунун; дарвинизмге, материализмге, атеизмге каршы чогуу илимий-пикирдик күрөш жүргүзүшүнүн алдын алуу.
Көп убакыт бою ойнолгон бул оюн натыйжасында динчилдер күчтөрүн жоготуп, дажжалияттын жактоочулары болсо күчтөнгөн, жана натыйжада руханий баалуулуктарды жокко чыгарган, өзүмчүлдүктү жалгыз баалуулук деп кабыл алган, жашоону эч түгөнгүс бир күрөш жана күчтүүлөр гана жашай турган бир арена деп көрсөткөн дарвинисттик жана материалисттик идеологияны оңой гана жайа алышкан. Армагеддон учурда бул топтордун эң жырткыч планы. Бул оюнду билбегендердин тынчтык жана сүйүү дини болгон Ислам динине карата канчалык туура эмес пикирде болоору да түшүнүктүү.
 
Исламга карата терс көз-караш – пландуу өнүктүрүлгөн бир сценарий
Кээ бир Инжил тексттерин далил көрсөтүп адамдардын чоң бир согуш күтүшүнө шарт түзгөн кээ бир дажжалдык топтор иштеп чыккан бул кандуу акыр заман сценарийи аркылуу негизи Исламга карата туура эмес бир көз-карашты пайда кылууга аракеттенишүүдө. Согуш сценарийин колдогон кээ бир видео материалдар, жалган кабарлар, бир тараптуу жоромолдор жана провокациялар аркылуу чын ниеттүү Мусулмандарды дажжал деп көрсөтүү аракетин кылышууда. Дүйнөдө учурда бир катар евангелист Христиандардын Исламга карата душмандык мамилелеринин жана стереотиптүү көз-карашта болушунун түпкү себеби мына ушунда. Ал кишилер өздөрүн динчил көрсөтүп акыр заман ишенимдерин Инжилден алдык дешип, бүт адамдар тынчтык жана бейпилдик ичинде жашай турган бир дүйнөнү сүрөттөгөн Ислам дининде такыр болбогон согуш жана зулумдук өкүмдөрүн өз ойлорунда Исламга жүктөөгө аракеттенишүүдө. Ал топтордун максаты – көңүл чордонун Мусулмандарга буруп, согуштарды күчөткөн өз тараптарларын жана Ортоңку чыгышта чоң бир согуш чыгарууну көздөгөн саясатын чүмбөттөө; жана атеизмге, динсиздикке жана материализмге каршы өтө чоң күч боло ала турган Ахли Китап (Иудей жана Христиандар) менен Мусулмандардын биримдигине кандай болсо да жолтоо болуу.
Бул оюндун натыйжасында чын ниеттүү динчил Христиандардын бир бөлүгү Исламды туура эмес таанып, туура эмес чечмелеп, Исламдын сулуулуктун, тынчтыктын жана сүйүүнүн дини экенинен кабарсыз калышууда. Бул оюн ошондой эле Мусулмандар менен Христиандар арасында жасалма бир бөлүнүүчүлүккө да себеп болууда. Бул тымызын пландын натыйжасында бир Аллахка ишенген чын ниеттүү динчилдер биримдикте боло албай, ал тургай тескерисинче араларында жасалма бир бөлүнүүчүлүк жана душмандык пайда болууда. Мындай абал бүт дүйнөгө динсиздикти, дарвинизмди, анархияны, зулумдукту, согуштарды, кылмыштарды, адеп-ахлактык бузулууну жайууну каалаган дажжал системасынын тымызын иш-аракеттерин жүргүзүшүнө эң ылайыктуу шартты түзүүдө. Үч чоң диндин өкүлдөрү, б.а. Мусулмандар, Христиандар жана Иудейлер бир-бири менен күрөшүп жатканда, бош майдан аларга калууда.
Ыймандуулардын күч жоготушу дажжал тараптарларынын күчтөнүшү деген мааниге келет. Ушул себептен дажжал тараптарларынын атеизмди, материализмди жана адеп-ахлактык бузулууну жайа алышы, өз идеологияларын күчтөндүрүшү үчүн ыймандуулар алсыз жана өз араларында бөлүнүп-жарылышы керек болууда. Дажжал тараптарларынын чын ниеттүү динчилдердин арасындагы биримдикти бузуу жана аларды бөлүү үчүн мынчалык аракеттенишинин себеби ушул. Ойнолгон бул тымызын оюндун натыйжасында динчил Христиандар да негизи байкабастан жана албетте каалабастан ал топтордун атеизмди жайуу саясатына курал болуп беришүүдө.
Бул караңгы оюнга карата бүт чыныгы динчилдер өтө этият болуп, биримдик жана ынтымакта, Аллах ишенимине каршы чыккан жана адамдарды дин ахлагынан алыстатууга аракеттенген идеологияларга каршы негизги илимий-пикирдик күрөштү эртерээк жүргүзүшү зарыл. Адамдардын тынчтык жана бейпилдикте, адилеттик жана коопсуздукта жашашынын алдындагы эң чоң коркунучтун атеизмди жайылтуу максатын көздөгөн дажжал системасы жана анын башкаруусундагы дарвинизм, материализм сыяктуу бузуку идеологиялар экенин эч унутпаш керек.
Муну белгилөө керек: Инжилдеги дажжал сүрөттөөсү Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед (сав)дан риваят кылынган хадистерге толук дал келет. Ошондуктан Ислам булактарында сүрөттөлгөн жана Мусулман ааламы кылымдардан бери күткөн дажжал менен Христиан ааламы күткөн дажжалдын өзгөчөлүктөрү бирдей; бирдей алдоо ыкмаларын колдонот, бирдей бузуку идеологияларды жайылтуу үчүн күрөшөт. Башкача айтканда, Христиандардын экөөнүн орток душманы болгон дажжалга каршы Мусулмандар менен бирге күрөшүшү эң туура болот.
 
Армагеддон болуп бүттү
Кээ бир евангелист Христиандардын, жогоруда каралган, армагеддон жөнүндөгү чечмелөө жана жоромолдору бүтүндөй туура эмес. Келечекте болот деп айтылган армагеддон негизи көп жыл мурда болуп бүттү. Армагеддон согушу – бул бир канча жыл мурда болуп өткөн Ирак согушу. Ислам булактарында да, Христиан булактарында да айтылган алааматтар муну толук тастыктайт. «Чоң жана кандуу бир согуш болот» деген дажжал тараптары топтор да бул чындыкты өтө жакшы билишет, бирок атайылап адамдардан жашырышууда.
Ирак 2003-жылы АКШ, Англия, Австралия, Испания, Дания жана Польшадан келген аскерлер тарабынан басып алынган. Бул басып алуу учурунда Мусулмандардан да, Христиан же башка динди тутунган адамдардан да катардагы жаран жана аскерлерден болуп өтө көп адам шейит кылынган же өлтүрүлгөн.
Инжилде Ирактын акыр заманда басып алынышы төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Бүт жер жүзүндөгү көпөстөр аны (Бабил[1]) жоктоп ыйлашат, анткени алардын дүнүйө-мүлктөрүн эми эч ким сатып албайт. Алтын менен күмүштөн жасалган буюмдарын, асыл таштарын, берметин, зыгыр буласын, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемелерин, жибектерин, ар кандай жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, эң кымбат жыгачтан, жезден, темирден жана мармардан жасалган ар кандай буюмдарын, дарчиндерин, жыпар жыттуу заттарын, миросун, ладанын, шарабын, зайтун майын, ак унун, буудайын, малын, койлорун, аттарын жана арабаларын, кулдарын, адамдардын жандарын эми эч ким сатып албайт. “Өзүң жактырган жемиштериң калбай калды, баалуу жана жаркыраган нерселериңдин баарынан ажырадың, эми сен аларды таба албайсың” дешет... Ушулардын баары менен соода кылгандар, ушул шаардын аркасы менен байыгандар анын кыйналганын көрүп, корккондорунан жакын бара албай, жоктоп ыйлап, мындай дешет: “Башыңа каран түн түштү, зыгыр буласынан, кочкул кызыл жана ачык кызыл кездемеден кийим кийип, алтын менен, асыл таштар жана бермет менен жасалгаланган улуу шаар, башыңа каран түн түштү! Анткени ушундай байлык бир сааттын ичинде жок болду”. Кеме башкаруучулар менен кеме жүргүнчүлөрүнүн бардыгы, кемечилер жана деңиз аркылуу соода кылган соодагерлер алыста туруп алып, анын өртүнөн чыккан түтүндү карап: “Ушул улуу шаарга (Бабил) тең келген шаар бар беле!” – деп боздошот. Алар баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: “Башыңа каран түн түштү, улуу шаар! Деңизде кемеси барлардын бардыгы сенин байлыктарың менен байышчу эле! Бир сааттын ичинде кыйрадың”, – дешет. ... «Улуу шаар Бабил да мына ушундай күч менен ташталат... Сенин соодагерлериң дүйнөнүн атактуулары эле.» (Аяндар, 18:11-21)
Ирактын башка өлкөлөр тарабынан басып алынышы, Иракта боло турган кыргын жана армагеддон согушу хадистерде да өтө терең кабар берилген:
«Акыр заманда Багдад оттор менен жок кылынат...» (Risalet-ül Huruc-ül Mehdi, том 3, 177-бет)
Ирак басып алынган күндөн баштап Багдад эң көп бомбаланган шаарлардын бири болгон. Оор бомбалоо түндөлөрү Багдаддын дал хадисте айтылгандай жалындап күйүшүнө себеп болгон. Багдаддын гезит жана телевизор кабарларына чыккан сүрөттөрү жогорудагы хадисте көңүл бурулган окуяга толук дал келет.
Расулуллах (сав) мындай деген: «...Ушундай балээ жана окуялар болот; эч ким жашына турган бир жер таба албайт. Ал балээлер Шамдын (Дамаск) айланасында жортуп, Ирактын үстүнө түшөт. Арабистан жарым аралынын колу менен бутун байлайт... Алар балээни бир тарапта токтотууга аракеттенип жатканда, башка тараптан ал кайра чыгат.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т.5, б. 38-39)
Хадисте айтылган «балээлердин Шамдын айланасында жортуп, Ирактын үстүнө түшүшү» Американын акыркы Иракты басып алышы учурунда болду.
«... Иракка кол салынмайынча кыямат келбейт. Жана Ирактагы күнөөсүз адамдар Шамды (Дамаск) көздөй башпаана издешет. Шам кайрадан түзүлөт, Ирак да кайрадан түзүлөт.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т. 5, б. 254)
Хадисте Ирактын кайрадан курулаарына көңүл бурулууда. Ирак басып алынган соң Иракта көп шаарлар жер менен жексен болду. Согуштан кийинки талап-тоноолордун да натыйжасында бир урандыга айланган Ирактын кайрадан түзүлүшү мажбурлуу болуп калган.
«Ирак эли үч топко бөлүнөт. Бир бөлүгү талоончуларга (мародер) кошулат. Бир бөлүгү үй-бүлөлөрүн таштап качышат. Бир бөлүгү согушуп, өлтүрүлүшөт. Силер муну көргөнүңөрдө кыяматка даярдангыла.» (Yusuf el-Makdisi, Fera İdu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)
Хадисте кабар берилгендей, Ирак басып алынган соң элдин бир тобу «талоончуларга» кошулат. Чындап эле Ирак согушу учурунда элдин бир бөлүгү басып алуудан соң уурулук, талап-тоноочулук сыяктуу «талоончулук (мародерлук)» деп атоого боло турган иштерди жасагандарга кошулушкан. Хадисте элдин бир бөлүгүнүн зулумдуктардан улам мекенинен эртерээк качууга аракеттенээри, ал тургай артта калган үй-бүлөлөрүн да ойлоно албай турган абалда болоору кабар берилген. Хадисте элдин бир бөлүгүнүн болсо согушка катышып, өлтүрүлөөрү айтылган. Ирактын басып алынышы учурунда көп кагылышуулар болуп, көп санда адам өмүрүнөн ажыраган.
«Күнөөсүз жана таза Ирак эли Шамга (Дамаскка) качат». (Risalet-ül Huruc-ül Mehdi, б. 210)


Ирактын басып алынышы башталаардан мурда жана басып алуудан соң он миңдеген ирактыктын Сирия баш болуп башка өлкөлөргө көчүшү бул хадистеги окуяга өтө окшошот.
Эбу Надре (р.а.) айтты; Жабир (р.а.)тын жанында элек, мындай деди: «Ушундай бир убак келатат; Ирак тургундарына бир кафиз (өлчөм), бир дирхам (бир салмак өлчөмү) берилбейт». «Бул кимден улам болот» дедик. «Ажемдер (Арап эместер) муну тосушат» деди. Анан: «Шам (Дамаск) тургундарына бир динар, бир мүдй (кило, бир өлчөө бирдиги) берилбейт» деди. «Бул кимден улам болот» дедик. «Румдардан (гректерден) улам» деди. (Et-Tac, Ali Nâsıf el-Hüseyni)
Ирак Мусулман эмес чет өлкөлөр тарабынан басып алынган жана андан соң хадисте айтылгандай, чет өлкөлөр тарабынан Иракка көп убакыт бою эмбарго жасалган.
«Иракка өлчөмү жана дирхамы берилбейт. Шамга да өлчөмү жана динары берилбейт. Египетке өлчөмү жана динары берилбейт. Баштаган жериңерге кайтасыңар» деди жана үч жолу кайталады. Буга Эбу Хурейренин эти менен каны күбө болду.» (Müslim, Fiten 33, (2896); Ebu Davud, Harac 29, (3035))
«Ирактыктардын колунда өлчөй турган бир таразасы жана соода кыла турган бир акчасы дээрлик калбайт.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame kısm-ul efal, т.5, б. 45)
Хадистерде айтылгандай, басып алуудан чоң зыян тарткан Ирак экономикасы жана чет өлкөлөр тарабынан жасалган эмбарголор себебинен эл жакырлап, жокчулук жана жакырчылык эң негизги көйгөйлөрдүн бири болуп калган. Ирак басып алынган соң Ирак динары айлануудан алып салынган.


Инжил тексттеринен жана Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерден да апачык көрүнүп тургандай, Иракта болгон согуш армагеддон жөнүндөгү бүт сүрөттөөлөргө туура келүүдө. Армагеддон Азрети Иса (ас) менен Азрети Мехди (ас) чыгаардан мурда жер жүзүндө боло турган акыр заман алааматтарынын бири. Армагеддон жөнүндө иштеп чыгарылган бүт оюндар Аз. Мехди (ас)дын келиши менен бузулат. Дажжал очокторунун көмөкчүсүнө айлантылган бир катар Мусулман жана Христиандардын кан жана согуш күтүүлөрү текке кетет.
ЧЫНЫГЫ МУСУЛМАНДАР, ЧЫНЫГЫ ХРИСТИАНДАР ЖАНА ЧЫНЫГЫ ИУДЕЙЛЕР ТЫНЧТЫК ТЕМАСЫНДА БИРИМДИККЕ КЕЛИШИП, ЧОГУУ АЛЛАХТЫН АТЫН УЛУУЛАШАТ. Аз. Мехди (ас) чыккан доор, бүт мындай үрөй учурган сценарийлердин тескерисинче, СҮЙҮҮНҮН, ТЫНЧТЫКТЫН, БЕЙПИЛДИКТИН, КООПСУЗДУКТУН ДООРУ БОЛОТ.
Аз. Мехди (ас) доорунда СОГУШТАР, КЫРГЫНДАР ТОКТОЙТ. КЫЛМЫШ ЖАСАЛБАЙ КАЛАТ, ТҮРМӨЛӨР ДА БОШОП КАЛАТ. Танка, ок, мылтыктар ээритилип жок кылынат.
Аз. Мехди (ас) доорунда согуш, кагылышуулар мындай турсун, БИР АДАМДЫН МУРДУ ДА КАНАБАЙТ. Аз. Мехди (ас) боорукердиги, сүйүүсү, адилеттиги, сонун адеп-ахлагы менен бүт дүйнөнү бир туугандыкка, тынчтык жана сүйүүгө багыттап, дүйнө тынчтык менен молчулук өкүм сүргөн, адамдар немат-жакшылык жана бейпилдик ичинде жашаган АЛТЫН КЫЛЫМга кирет.
Улуу Аллах үч динде тең сүйүүнү, тынчтыкты жана бир туугандыкты мактап, даңктаган. Аллах бүт ыймандууларга бир мээрим катары кабар берген Аз. Мехди (а.с.) доорун бир кыргын жана жырткычтык доорундай көрсөтүүгө аракеттенген бузуку көз-караштын дажжалдын бир оюну экенин билүү керек. Чын ниеттүү ар бир Мусулман жана ар бир Христиан акыл калчап ойлонуп, ойнолуп жаткан оюнду байкашы зарыл.


[1] Бабил: Учурдагы Ирактын борбору Багдадга жакын жерде жайгашкан байыркы бир шаардын аты.
 
 

5-БӨЛҮМ: АЗ. ИСА (АС)ДЫН КУДАЙ ЭКЕНИНЕ ИШЕНГЕНДЕР БЕЙИШКЕ КИРЕТ ДЕГЕН ЖАҢЫЛЫШТЫК


Чыныгы ыймандуулар кыйынчылыктар менен сыналышат
 
 
Учурда дүйнөдө үч кудайлык ишенимин жактаган көп Христиандар, эч күмөнсүз, сөзсүз бейишке барабыз деген пикирге ишенишүүдө. Бул туура эмес ишеним боюнча, бейишке татыктуу болуу үчүн Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенүү гана жетиштүү (Аллахты аруулайбыз). Албетте, бул туура эмес ишеним чыныгы Христиан дининде болбогон, Чиркөө кийин белгилеген ишенимдердин бири. Бирок Чиркөөнүн жазалары жана кысымчылыгы себебинен Христиандар бул туура эмес ишенимге моюн сунушубуз керек деп ойлошууда. Христиандар ушундайча Аз. Иса (ас) бүт күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн крестке асылган, папалар менен поптор күнөөлөрдү кечире алат деп ишенишет. Булардын баары бизди куткарат жана сөзсүз бейишке барабыз деп жаңылышат. Ал Христиандардын ою боюнча, акыретте бир жаза боло турган болсо, бул Аз. Иса (ас)ды кудай катары тааныбагандар үчүн гана болот. (Аллахты аруулайбыз)
Төмөнкү баяндарыбыз бул терең жаңылыштыктын ичине түшкөн Христиандарга арналат. Бул ишенимдеги Христиан бир туугандарыбызга төмөнкү суроолорду узатабыз:
-Андай болсо сыноо эмне үчүн бар? Эмне үчүн адамдар сыналышууда?
-Эмне үчүн кыйынчылыктар, кырсыктар, атеизм, коммунизм, сүйүүсүздүк, кыргындар, согуштар, жер титирөөлөр, бороондор, өлүмдөр жаратылууда?
-Эмне үчүн арамдар менен адалдар бар?
-Жакшылык менен жамандык кантип айырмаланат?
-Дүйнөнүн максаты жеп-ичип отуруу жана «Аз. Иса (ас) кудай» деп өлүмдү күтүүбү?
-Аллах ыраазылыгы үчүн аракет кылуу, кыйынчылыкка кабылуу, напсини эзүү, кыйынчылыктарга, ооруларга жана кырсыктарга сабыр кылуу бул ишенимдин кайсы жеринде?
-Бейишке баруу мынчалык оңой болгон болсо, анда туруктуулук, жан аябастык, акысынан баш тартуу, сылыктык, достук, боорукердик сыяктуу сонун сыпаттарда болуунун кандай зарылдыгы болот?
-Атеизм, динсиздик, коммунизм сыяктуу өтө коркунучтуу агымдар менен күрөшүү бул ишенимдин кайсы жеринде?
-Мындай ишенимде ибадаттар барбы?
-Мындай ишенимде Аллах ыраазылыгына жетүү үчүн аракет кылуу барбы?
Албетте, Аллах мындай бир дин жаратпайт.
Жер жүзүндөгү жашоонун бир себеби, Аллахтын бир мыйзамы бар. Улуу Аллах бул себепти бир Куран аятында мындайча билдирген:
Ал амал (иш-аракет) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал улуу жана кудуреттүү, өтө кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)
Инжилде да Христиандар дайыма бир үмүт ичинде аракет кылышы керек экени айтылат:
Үмүтүңөрдөн чыккан толук ишенимге жетишиңер үчүн ар бириңердин аягына чейин бирдей аракет кылышыңарды тилейбиз. Жалкоо болбошуңарды, убада кылынгандарды ыйман жана сабыр менен мурас алгандардын мисалын ээрчишиңерди каалайбыз. (Эврейлерге кат, 6:11-12)
Демек сүйүктүү бир туугандарым... кутулууңарды жыйынтыкка жеткирүү үчүн көбүрөөк аракет кылгыла. (Павелдин Филипиликтерге каты, 2:12)
Мына ушул себептен ар кандай аракетти кылып ыйманыңарга баатырдыкты, баатырдыкка илимди, илимиңерге өздүк текшерүүнү, өздүк текшерүүгө туруктуулук күчүн, туруктуулук күчүңөргө Аллах жолунда бекемдикти, бул бекемдикке бир туугандарды сүйүүнү, бир туугандарга сүйүүңөргө сүйүүнү кошкула. (Петирдин экинчи каты 1:5-7)
«Аллахтын Өкүмдарлыгына (бейишке) көп кыйынчылыктан өтүп киришиңер керек» дешчү. (Ыйык Элчилердин иштери, 14:22)
Жаратылуу максатыбыз – сыналуу. Бул сыноо Аллах үчүн жашаган адамдар менен ыйман кылбагандарды бир-биринен айырмалайт. Аятта айтылгандай, иш-аракет жагынан ар бир адам сыналат жана бул сыноодон өткөн бейишке жетет.
Инжилде болсо дүйнөдөгү кыйынчылыктардын сыры мындайча кабар берилген:
Карагыла бул азаптар, Аллахтын каалоосу менен тарткан бул азаптар (Аллахтын сыноосу катары жолуккан бул кыйынчылыктар) силерде канчалык чоң бир олуттуулук, тазалануу үчүн канчалык чоң каалоо жаратты!... (Павелдин Корунттуктарга экинчи каты, 7:11)
Дүйнөдөгү сыноолор оор. Мына ушул себептен пайгамбарлар дайыма кыйынчылыктарга туш болушкан. Ушул себептен өлүм менен коркутулушуп, мекендеринен сүрүлүшүп, адилетсиздик менен камалышкан. Аллах ыраазылыгы үчүн динге чакырган, Аллахтын бар экенин түшүндүргөн, учурда дүйнөнү курчаган бүт динсиз агымдарга каршы күрөшкөн ар бир адам ушул сыяктуу кыйынчылыктарга туш болот. Аллахка ыйман кылган, Анын кудуретин, улуулугун түшүндүргөндөрдүн баары ушул сыноонун кыйынчылыктарынан өтүшөт. Ушундайча Аллахка болгон чын ниетин көрсөтүшөт. Кыйынчылыктарга карабастан Аллахты сүйүү, кыйынчылыктарга карабастан ибадаттарды аткарууда чечкиндүү болуу бир адамды чындап динчил кылат. Аллахка болгон чын ниеттүүлүк жана сүйүү кыйынчылыктарга карата болгон бекемдик жана чечкиндүүлүк менен далилденет. Ошондуктан ыймандын өлчөгүчү – бул Аллах үчүн кыйынчылыктарга тирешүү, шарттар кандай гана болбосун ибадаттарды аткаруу жана дүйнө үчүн эмес, Аллах үчүн жашоо.
Аллах үчүн жашаган бир адам бул дүйнөдө бейпил жашоону көздөбөйт. Тескерисинче, башына кыйынчылыктардын келээрин билет. Кыйынчылык жана сыноолор менен сыналаарын билет. Аллахка болгон чын ниетин ушундайча көрсөтөөрүнө ишенген болот. Бул Аллах Куранда апачык билдирген бир чындык:
Же силерден мурда жашап-өткөндөрдүн абалы башыңарга келбестен бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? Аларга ушундай бир жокчулук, ушундай оор бир кыйынчылык келип жана ушунчалык чайпалышкандыктан, аягында элчи айланасындагы ыймандуулар менен «Аллахтын жардамы качан?» деп жатты. Көңүл бургула. Күмөнсүз Аллахтын жардамы өтө жакын. (Бакара Сүрөсү, 214)
Аз. Иса (ас) бир пайгамбар жана динге чакыруучу болгондуктан, Аллахка ыйман кылууга чакырганы үчүн кыйынчылыктарга туш болгон. Бул чындык да бизге Инжилде көп текстте кабар берилет:
Ошондо Рух Исаны чөлгө жөнөттү. Иса чөлдө турган кырк күн бою шайтан тарабынан сыналды. Жапайы жаныбарлар арасында эле, периштелер ага кызмат кылып жатышкан. (Марк, 1: 12-13)
Бирок киши чыгып кетти, окуя менен байланыштуу кабарды бүт тарапка жайып угузуп баштады. Ошентип Иса эми эч бир шаарга ачык кире алгыс болду. Сыртта, адам жашабаган жерлерде гана жашап жатты. Жана адамдар бүт тараптан ага агып келип жатты. (Марк, 1: 45)
Иса андан соң үйгө барды. Кайрадан ушундай көп адам чогулгандыктан, Иса менен шакирттери тамак да жей алышпады. Жакындары муну укканда, «Акылын жоготуптур» деп аны алып кетүүгө келишти. Иерусалимден келген дин аалымдары болсо «Белзебул анын ичине кириптир» жана «Жиндерди жиндердин башчысынын күчү менен кууп жатат» деп жатышты. (Марк, 3: 20-22)
Мариямдын уулу, Жакып, Жусуп, Иуда жана Шымондун бир тууганы жыгач уста эмеспи? Кыз бир туугандары бул жакта, арабызда жашайт го?» Жана аны кабыл алышпады. Иса болсо аларга «Бир пайгамбар өз мамлекетинен, тууган чөйрөсүнөн жана өз үйүнөн башка жерде басмырланбайт» деди. (Марк, 6: 3-4)
«Адам баласы башкы диний кызматкерлердин жана дин аалымдарынан колуна тапшырылат. Алар болсо аны өлүм жазасына тартат жана башка калктарга тапшырат. Аны шылдыңдайт... (Марк, 10: 33-34)
Пасах жана Ачыткысыз нан майрамына эки күн калган эле. Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен дин аалымдары Исаны куулук менен кармап алуунун, өлтүрүүнүн жолун издеп жатышты. Бирок алар: «Майрам күндөрү болбойт, болбосо эл арасында козголоң чыгып кетет», – деп сүйлөшүштү. (Марк, 14: 1-2)
Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен Улуу кеңештин баары Исага өлүм жазасын өкүм кылуу үчүн, жалган күбөлөндүрүү издешти, бирок таба алышкан жок. Анткени көп адамдар Ага каршы жалган күбөлөндүрүшсө да, ал күбөлөндүрүүлөр бири-бирине карама-каршы эле. (Марк, 14: 55-56)
Иса алардын жаман ниетин билгендиктен, «Эй эки жүздүүлөр!» деди. «Мени эмне үчүн сынап жатасыңар? (Матфей, 22: 18-19)
Ушул учурда башкы ыйык кызмат кылуучулар менен калктын алдыңкылары Кайапа аттуу башкы ыйык кызмат кылуучунун сарайында чогулушту. Исаны алдамчылык менен кармап өлтүрүү үчүн план түзүштү. (Матфей 26: 3-4)


Инжилде ошондой эле Аллах үчүн кыйынчылыктарга туруштук көрсөткөн шакирттердин абалы да баяндалат:
Ошондо Иса мындай деди: «Силерге чындыкты айтып коёюн, (Аллахтын ыраазылыгы үчүн) Мен үчүн жана Жакшы Кабар (Аллахтын буйруктары) үчүн үй-жайын, же ага-инилерин, же эже-карындаштарын, же энесин, же атасын, же аялын, же балдарын, же жерин таштаган адам азыр, бул дүйнөдө, куугунтук учурунда да жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, ата-энеге, балдарга жана жерге, ал эми келечекте түбөлүк өмүргө ээ болбой койбойт. Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот». (Марк, 10:29-31)
(Аз. Иса (ас):) «(Аллахтын ыраазылыгы үчүн) менин атым үчүн үйлөрүн, бир туугандарын, эне же атасын, балдарын же мекенин таштагандардын баары булардын жүз эсесине ээ болот жана түбөлүк жашоону мураска алат. Биринчилердин көпчүлүгү акыркы, акыркылардын көпчүлүгү биринчи болот.» (Матфей, 19:29-30)
Бул үчүн Аллахтын каалоосу менен азап тарткандар жакшылык кылып жандарын ишенимдүү Жаратканга аманат кылышсын. (Петирдин биринчи каты, 4:19)
(Аз. Иса (ас):) Бирок силер өзүңөргө сак болгула. Анткени силерди сотко беришет... (жана) уруп-сабашат. Менден улам (Аллах ыраазылыгы үчүн мени ээрчигениңер үчүн) башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат, ошентип аларга күбөлүк бересиңер. Баарынан мурда бардык элдерге Жакшы Кабар таратылышы керек. Силерди салып берүү үчүн алып бара жатышканда, эмнени айтабыз деп тынчсызданбагыла. Ошол саатта силерге эмне берилсе, ошону айткыла. Анткени силер эмес, Аллах сүйлөйт. Бир тууган бир тууганын, атасы балдарын өлүмгө кыят. Балдары ата-энелерине каршы көтөрүлүп, аларды өлтүрүшөт. Менин ысымым үчүн (Аллах ыраазылыгы үчүн мени ээрчигениңерден улам) бардыгына жек көрүндү болосуңар. Ал эми акырына чейин чыдаган адам куткарылат.» (Марк, 13:9-13)
Бирок адегенде силерге кол салышат. Силерди... түрмөлөргө камашат. Менин ысымым үчүн падышалардын жана башкаруучулардын алдына алып барышат... Силерди ата-энеңер, бир туугандарыңар, тууган-уругуңар жана досторуңар кармап беришет жана кээ бирөөңөрдү өлтүртүшөт. Менин ысымым үчүн (Аллах ыраазылыгы үчүн мени ээрчигениңерден улам) бардыгына жек көрүндү болосуңар. Бирок башыңардан бир тал чачыңар да жоголбойт. Чыдамдуулук менен жаныңарды сактап кала аласыңар.» (Лука, 21:12-19)
... Ал күнү Иерусалимдеги чиркөөгө оор бир кысымчылык доору башталды... Шабыл болсо ыймандуулар тобун кыйратып баштады. Үй-үй кыдырып, аял-эркек дебестен ыймандууларды сыртка сүйрөп, камакка камап жатты. Мунун натыйжасында чачыраган ыймандуулар барган жерлеринин баарында Аллах сөзүн сүйүнчүлөп жатышты. (Ыйык Элчилердин иштери, 8:1-4)
... (Пайгамбарлар) ишенимдери менен падышачылыктарды жеңишкен, адилеттикти орнотушкан, убадаланганды алышкан, арстандардын азуусунан аман калышкан. Жалындаган өрттү өчүрүшкөн, жалаңдаган кылычтан аман калышкан, алсыраганда бекемделишкен, согушта тайманбас болушкан, бөтөн аскерлерди кууп чыгышкан... Кээ бирөөлөрдү кыйнашканда, (акыретте) эң жакшы жашоого жетүү үчүн, эркиндикке чыгуудан баш тартышкан. Кээ бирөөлөр кордук көрүшкөн, таяк жешкен, кишенделишкен, түрмөгө камалышкан. Кээ бирөөлөрдү ишенгендиги үчүн таш бараңга алышкан, араалашкан, кыйнашкан, кылычтап өлтүрүшкөн; кээ бирөөлөр кой-эчкинин терисин жамынып, тентип күн өткөрүшкөн, жокчулуктун каарын тартышкан, кысымга алынышкан, азап тартышкан. Алар бул дүйнөнүн бүт адамдарынан жогору эле. Бирок алар чөлдөрдө, тоолордо, үңкүрлөрдө, капчыгайларда каңгып жүрүшкөн. (Эврейлерге кат, 11:33-38)
(Аз. Иса (ас):) «Буларды силерге сенделип кулабагыла деп айттым... Ооба, ушундай бир саат келе жатат; силерди өлтүргөндөрдүн баары Аллахкы кызмат кылып жатам деп ойлойт. Буларды Аллахты жана мени тааныбаганы үчүн жасашат. Буларды силерге азыртан айтып жатам. Сааты келгенде буларды силерге айтканымды эстейсиңер...» (Иоанн, 16:1-4)


(Бул жөнүндө бүт башка Инжил сөздөрү үчүн караңыз: İncil'den Güzel Sözler (Инжилден сонун сөздөр), 17-бөлүм, Harun Yahya)
Инжил менен Курандын бизге билдиргени мындай: ыймандуулар ыйман кылганы, Аллах жолунда жүргөнү жана динге чакырганы үчүн гана;
1 өлтүрүлүшүүдө
2 сүргүнгө айдалышууда
3 көңүлгө тийерлик сөздөр угушууда
4 сот алдына чыгарылышууда
5 камалышууда
6 сабалып, азап тартышууда
7 камчыланып, чынжырга байланышууда
8 жалганчы күбөлөр тарабынан айыпталышууда
9 жакырчылык ичинде жашашууда
10 жинди деп айыпталышууда
11 үй-бүлөлөрү тарабынан танылып, ал тургай үй-бүлөлөрү тарабынан өлтүрүлүшүүдө
12 тоолордо, үңкүрлөрдө, жер астындагы оюктарда жашашууда
13 жек көрүлүшүүдө
14 азап тартышууда
Булар Инжилде айтылган чыныгы ыймандуунун сыпаттары. Пайгамбарлар менен чын ниеттен ыйман кылгандар ушундай жашашкан. Сыналып, кыйынчылык тартышкан. Булар Аллахка ыйман кылганы жана динде бекем болгону үчүн гана баштарына келген. Демек, чыныгы ыймандуу – бул Аллах үчүн кыйынчылыктарга туруштук берген жана сыноосу оор болгон адам.
Биз бүт пайгамбарларды ушул себептен сүйөбүз. Иса пайгамбардын шакирттери менен сахабаларды ушул себептен сүйөбүз. Алар ыйманынын тереңдигин, Аллах сүйүүсүн, Аллах ыраазылыгы үчүн жашоону жана дүйнөнү эмес акыретти каалашканын көрсөтүшкөн. Алар мына ушул себептен бейиштин эң сонун үйлөрүндө жашашууда.
Чыныгы ыйман ушундай. Бул – Аллах үч Өзү жиберген китепте да билдирген жана пайгамбарлардын өмүр баяны менен далилденген бир чындык. Чыныгы ыйман – үйдө отуруп Аллахты сүйөм деп айтуу эле эмес. Аллахты сүйөөрүн айткандар ыймандын чыныгы маңызын билиши керек.
 
«Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенсеңер, бейишке барасыңар» логикасы чоң бир коркунуч
Учурда евангелисттердин жана башка үч кудайлыкты жактаган Христиан мазхаптарынын көпчүлүгүнүн акырет түшүнүгү такыр туура эмес. Мындай бир ишенимде Аллах үчүн илимий күрөшүүнүн муктаждыгы жок. Атеизм, дарвинизм жана коммунизм сыяктуу динсиз агымдар менен күрөшүүнүн кереги жок. Мындай ишенимде ибадаттын да кереги жок. Киши ансыз да өз ишеними боюнча Аллахтын ыраазылыгына качан эле жеткем деп ойлойт. Бир жумада бир жолу чиркөөгө барышы жетиштүү. Кээ бирлери болсо мунун да кереги жок дейт. Мындай бир ишенимде Аллах үчүн кыйынчылык тартуу деген түшүнүк жок. Ал киши ансыз да кыйынчылыкка туш боло турган шарттарга жана темаларга кирбейт. Мындай шарттарда адамдын напсисине карама-каршы келген, напсисин эзиши жана тарбиялашы керек болгон, Аллах үчүн жан аябастык кылышы керек болгон, Аллахка карата сабыр, туруктуулук, чечкиндүүлүк жана бекемдик сыяктуу негизги ыйман өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшү керек болгон дээрлик эч кандай окуя жок. Киши дүйнөдө дүйнөнү жашайт; напсисине, үй-бүлөсүнө, жашоосуна терс таасир берген эч нерсеге жолукпайт; зулумдук кылса да, күнөөгө кирсе да бейишке барам деп ойлойт. Себеби Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенет. Мындай дин түшүнүгүндө ушул жетиштүү.
Бул жерде албетте кээ бир Христиандарды бөлүп кароо керек. Албетте бүт Христиандар мындай ишенимде эмес. Бул жерде үч кудайлыкты жактаган жана туура эмес бир бейиш ишениминде жүргөн кээ бир Христиандар жөнүндө сөз болууда.
Мындай туура эмес бир дин түшүнүгүндө адилеттик системасы жок. Зулумдук кылган менен Аллах үчүн жакшылык кылгандын арасында айырма болбойт. Себеби адамдар арасында жалгыз айырмачылык үч кудайлык ишенимин кабыл алуу же албоо менен байланыштуу болот. Бир адам өмүр бою кыйынчылык тартса, жакшылык кылса, бүт өмүрү Аллах үчүн жан аябастыктар менен өтсө да үч кудайлыкты танганы үчүн бул ишеним боюнча тозокко кетет.
Чын ниеттүү Христиан бир туугандарыбызга төмөнкүдөй чакырык жасайбыз:
Ар бир акыйкат динге убакыт ичинде кошумчалар кошулган. Ар бир акыйкат динди бузууга аракеттенген ар кандай топтор болгон. Христиандыкка да мындай кошумчаларды кошкондор чыныгы динчилдер эмес. Ошондуктан аларды эч ойлонбостон ээрчүү аягында олуттуу бир бушаймандыкка себеп болушу мүмкүн. Чын ниеттүү Христиандар туура жолду Аллахты таанып, акыйкат болгон Инжилдин сөздөрүнө моюн сунуп, абийирлерине, акылдарына жана ыймандарына таянып табышы керек.


Динчил болуу үчүн Аллах коркуусу керек. Аллах сүйүүсүнөн келип чыккан терең Аллах коркуусу менен ибадаттар ырахаттануу менен жана үзгүлтүксүз жасалат, кыйынчылыктарга сонун бир сабыр менен сабыр кылынат, ар бир көз ирмем Аллах үчүн жашалат. Динчил адамдын жашоосу өзгөрөт. Чыныгы динчил Аллах менен бирге жашайт. Мына ушул себептен жашоосу көп адамдардан башкача болот. Албетте динчил бир киши да дүйнө жакшылыктарынан эң сонун пайдаланат, бирок дүйнөдөн эч нерсе күтпөйт. Кыйынчылыктар, оор окуялар, кырсыктар аны кайгыртпайт; себеби жакшылыктар сыяктуу ар бир кыйынчылыктын да Аллахтан келгенин билет. Кыйынчылыктарга көбүрөөк шүгүр кылат, кыйынчылыктар менен барган сайын күчтөнөт. Бул чындык Инжилде төмөнкүчө кабар берилген:
Бир туугандарым, ар кандай сыноолорго туш болгонуңарда аны өтө кубануу менен тосуп алгыла. Себеби билип койгула, ыйманыңардын сыналышы чыдамкайлык күчүн жаратат. Чыдамкайлык күчү болсо эч кемчиликсиз, бышып жетилген кишилер болушуңарга шарт түзсүн. (Жакыптын каты, 1:2-4)
Убакыт бүтүп баратканда ачыкка чыгарылууга даяр болгон кутулууга жетели деп ыйман урматында Аллахтын күчү менен коргонуудасыңар. Ушул себептен азыр кыска убакытка ар кандай сыноолор натыйжасында азап тартышыңар керек болуп жатса да, кубанып толкунданып жатасыңар. Ошентип ичтен далилденген ыйманыңар... силерге мактоо, бийиктик, аброй алып келет. Ыйманыңар от менен тазаланса да жок болуп кеткен алтындан да баалуураак. Месихти көрбөгөн болсоңор да (Аллах ыраазылыгы үчүн) аны сүйөсүңөр. Азыр аны көрбөй туруп ага (Аллахтын бир пайгамбары катары) ыйман кылып, сөз менен түшүндүргүс улуу бир кубаныч менен толкунданып жатасыңар. Себеби ыйманыңардын бир натыйжасы катары жандарыңардын кутулушуна жетүүдөсүңөр. (Петирдин биринчи каты, 1:5-9)
Аллахты сүйгөн бир адам мына ушул себептен Аллах үчүн дайыма баарын жасай турган күчтө болот. Аллах сүйүүсүндө чечкиндүүлүк, бекемдик, туруктуулук жана сонун кулк-мүнөз бар. Аллах сүйүүсү жан аябастыкты талап кылат. Ошондуктан бейишке татыктуу болуу аракетти талап кылат. Аллахты ыраазы кылуу Аллах үчүн жашоо, сыноого чыдамкай болуу жана керек болсо дүнүйөлүк бүт нерседен, жан жана мал-мүлктөн Аллах үчүн баш тартуу менен мүмкүн болот.
«Менин себебимден адамдар силерге зулумдук кылып, калп жерден силерге карата ар кандай жаман сөздөрдү айткан кезде силер кандай бактылуусуңар! Кубангыла, кубанычтан толкундангыла! Себеби асмандардагы (акыреттеги) сыйлыгыңар чоң. Силерден мурда жашап өткөн Пайгамбарларга да ушундай зулумдук кылышты.» (Матфей, 5:11-12)
Христиан, Иудей же Мусулман болсун, акыретте кайгырбай тургандар – бул Аллах Бирөө жана Жалгыз деп ыйман кылгандар жана чын ниеттүү иш-аракеттерди жасагандар. Куран аяттарында бул чындык кабар берилген:
Күмөнсүз, ыйман кылгандар (менен) Иудейлер, Христиандар жана Сабиилер(ден ким) Аллахка жана акырет күнүнө ыйман кылып, салих (чын ыкластуу) иш-аракеттерди кылса, эми алардын Аллах Кабатында сыйлыгы бар. Алар коркушпайт жана алар кайгырышпайт дагы. (Бакара Сүрөсү, 62)
Чындыгында, ыйман келтиргендер менен еврейлер, сабиилер жана Христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих (чын ыкластуу) амалдарды кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы. (Маида Сүрөсү, 69)
Эгер чын ниеттүү Христиандар үч кудайлык ишенимине моюн сунуп, Аз. Иса (ас)дын кудай экенине ишенүү бизге бейиш эшиктерин ачат деп ишенүүнү улантышса, бул аларга түбөлүк акырет жашоосунда эч күтпөгөн бир бушаймандык алып келиши мүмкүн. Мына ушул себептен үч кудайлык жаңылыштыгындагы Христиандар бул китепте айтылган эскертүүлөргө көңүл буруп, Аллах чыныгы динчилдер үчүн белгилеген ыйман шарттарын жана ыраазы боло турган жашоо формасын башынан карап чыгып, чыныгы ыймандын кандай болушу керек экенин сөзсүз түшүнүүгө аракеттениши зарыл. Албетте чыныгы ыймандын эң негизги шарты – бул китептин башында да айтылгандай, ЖАЛГЫЗ АЛЛАХКА ыйман кылуу.
Бир нерсени эске салуу керек: бул жердеги эскертүү Христиан бир туугандарыбыздын жакшылыгы үчүн гана. Мындай бир эскертүү көрүнүп тургандай башка эч кимдин кызыкчылыгы үчүн эмес. Бүт адамдар акыретте өз кылгандарынан жооптуу. Бирок Куранда Мусулмандарга жүктөлгөн «жакшылыкка буюруу жана жамандыктан тосуу» буйругуна ылайык бул жердеги бул эскертүүлөрдүн жасалышы бир ибадат.
Бул китепте кээ бир Христиан бир туугандарыбыз балким өмүрүндө эч укпаган чындыктарды окуп жаткандыр. Аз. Иса (ас) көрүнгөндө, ал куттуу пайгамбарыбыз да Христиан бир туугандарыбызга алар түшкөн чоң жаңылыштыктарын, Христиандыктын ичине кошулган жалган кошумчаларды айтып берет. Себеби булардын баары Инжил менен Тооротту тастыктоо жана толуктоо үчүн жөнөтүлгөн жана ошондуктан Христиандардын да, Иудейлердин да ыйык китеби болгон Куранда жазылуу. Бул китепте көп мисалдар менен да көрсөтүлгөндөй, Куран аяттарына туура келген көптөгөн Инжил тексти да буларды тастыктоодо. Ошондуктан Христиан бир туугандарыбыз акыл менен абийирге туура келгенди кылышы керек. Бул куттуу доорду колдон келишинче аракет жасап, дүйнөдө зулумдуктун, башаламандыктын, азап жана кыйынчылыктардын ордуна тынчтыктын, бир туугандыктын жана сүйүүнүн келиши үчүн аракеттенип өткөрүүлөрү зарыл. Акыретте сонун бир сыйлыкка ошондо гана жете алышаарын унутпашы керек.

4-БӨЛҮМ: ХРИСТИАНДАРДЫН АЛЛАХ КОРКУУСУ ЖАНА АЛЛАХ СҮЙҮҮСҮ БОЮНЧА ЖАҢЫЛЫШТЫКТАРЫ

 
Чыныгы ыйманда Аллах сүйүүсү Аллах коркуусу менен бирге болот
 
 
Бүт акыйкат диндердин негизи – бул сүйүү. Убакыттын өтүшү менен Аллах атынан чыгып, динди өз иштерине курал катары колдонууга аракет кылган кээ бир кишилер кээде динди жамынып террорду, согушту, киши өлтүрүүлөрдү жана сүйүүсүздүктү чыгарышкан. Ал кишилер кайсы динди жактайм дебесин, сөзсүз жахил (сабатсыз, караңгы) же алдамчы. Себеби Аллах кулдарынан зулумдук жана фитна эмес, сүйүү, достук жана тынчтык каалайт.
Бул жерде бул маанилүү маалыматты беришибиздин максаты – бул кээ бир Христиандардын өз диндерин бир сүйүү дини катары таанытып, иудейлик жана өзгөчө Мусулмандыкты бир коркуу дини катары көрүшү. Чындыгында болсо бул чоң бир жаңылыштык. Ислам баш болуп акыйкат диндердин баары сүйүүгө жана достукка үндөп, адамдарды тынчтыкка жана бир туугандыкка чакырат. Себеби Аллах бизден ушуну каалайт. Мындан башкача бир түшүнүктү айтып чыккандар акыйкат динди жамынып жалган айтышууда. Диндин маңызы, негизи – бул сүйүү. (Исламдын сүйүү дини экени жөнүндө баяндарыбызды китептин кийинки беттеринен таба аласыз.)
Албетте, Христиан бир туугандарыбыздын сүйүүнүн ыйыктыгына ишениши туура. Бирок кээ бирлер сүйүү түшүнүгүн өтө туура эмес чечмелешүүдө. Сүйүүнүн ичинде коркуу болбошу керек деген пикирге таянып, ал кишилердин Аллах коркуусун жашоосунан чыгарып салышы өтө чоң бир коркунуч.
 
Аллах коркуусунун чыныгы мааниси
Бул багыттагы жаңылыштыктардын кандай коркунучка себеп болооруна токтолуудан мурда, Аллах коркуусунун чыныгы маанисин билүү өтө маанилүү. Көп адамдар Аллах коркуусу түшүнүгүн туура эмес түшүнүп, коркуу мажбурлуу бир ыйманды алып келет жана бул болсо жараксыз болот дешет. Чындыгында болсо Аллах коркуусунун мааниси мындай эмес.
Аллах коркуусу – бул Аллахка терең урматтоодон келип чыккан бир коркуу менен моюн сунуу; Аллахка болгон терең сүйүү себебинен Аллах ыраазы болбой турган бир иш-аракет жана ойдон качынуу. Аллахтын сүйүүсүн жоготуп алуудан коркуу. Аллахтын достугун жоготуу – ыймандуу бир адам үчүн тозок азабынан бир топ чоң бир азап.
Аллах сүйүүсү менен Аллах коркуусу бир бүтүн. Аллахты катуу сүйгөн бир адам Аллахты каарданта турган бир иш-аракет кылуудан корккондо Аллах сүйүүсү менен коркуусу биригет. Сүйгөн бир адамдын Аллах коркуусу мына ушундай. Аллахты чындап сүйгөн бир адам кандай гана шарт болбосун, кандай кыйынчылыктарга туш болбосун, кандай сыноого кабылбасын, чын жүрөктөн, ашык болуп сүйүп Аллахка моюн сунат. Аллахка болгон сүйүүсүнө эч кандай шарт, эч бир окуя, эч бир кыйынчылык тоскоол боло албайт. Аллахтын сүйүүсүн жоготуудан коркуу Аллах сүйүүсүн дайыма сезип жашаган ал кишини дайыма стимулдайт. Ага кубаныч берет. Мындай адамдын ибадаттарында жайбаракат болушу, Аллахка кулчулукта билип туруп кемчиликтерди кетириши, уялбастан арамга кириши мүмкүн эмес. Мындай чын ыкластуу ыймандуу бир адам Аллахты ыраазы кыла алуу үчүн өмүр бою колунан келгенди жасайт.
 
Аллахтын каарынын каапырлар үчүн зарылдыгы
Аллахтын «азаптоочу» жана «өч алуучу» сыпаттары да кээ бир адамдар тарабынан туура эмес түшүнүлүүдө же атайылап бурмаланууда. Аллахтын азабы начар адамдарга, мүнафыктарга (эки жүздүүлөргө), Аллах атынан көз бойомочулук кылгандарга же кектүү каапырларга. Ыймандууларга болсо акыретте толук коопсуздук жана бейпилдик болот. Аллах Христиандар да кошо, чындап ыйман кылгандар үчүн акыретте эч кандай коркуу болбошун бир Куран аятында кабар берген:
Чындыгында, ыйман келтиргендер менен еврейлер, сабиилер жана Христиандардан Аллахка, акырет күнүнө ишенген жана салих (чын ыкластуу) амалдарды кылгандар; алар үчүн коркуу жок, алар кайгырышпайт дагы. (Маида Сүрөсү, 69)
Бир адам Аллахка кул болуп, Аллахты ыраазы кылууга аракет кылып жаткан болсо Аллахтын каарынан алыс болот. Аллах заалымдардан гана өч алат. Бул Аллахтын мыйзамы. Адам зулумдук кылганда гана Аллахтын азабынан абдан коркот. Бирок жакшылык кылганда, Аллахты ыраазы кылууга аракет кылганда Аллахка ишенип таянат, көңүлү бейпил болот.
Аллахтын өч алуучу сыпаты ыймандуулар үчүн өтө чоң бир жакшылык. Мисалы, кичинекей бир жаш балага зулумдук кылган жана анан аны өлтүргөн бир адамдын кылганынын жазасын акыретте алганын, адилеттиктин орун алганын көрүү бир жакшылык. Зулумдук кылган кишинин акыретте жазасын алганын көрүү – зулумдукка туш болгон жаш бала үчүн да чоң бир жакшылык. Мына ушул себептен ыймандуулар үчүн бейиш кандай жакшылык болсо, зулумдук кылгандар жазаландырылган тозок да ыймандуулар үчүн бир жакшылык. Бейиш дагы, тозок дагы Аллахтын чексиз адилеттиги акыретте көрүнгөн жерлер. Пайгамбарларга зулумдук кылууга аракеттенгендер да, Аз. Иса (ас)га кыянаттык кылгандар жана аны шейит кылууга аракеттенгендер да, күнөөсүз балдарды, адамдарды, жаныбарларды өлтүргөндөр да Раббибиздин өч алуучу сыпатынын бир шарты катары акыретте эң адилеттүү жазасын алышкан жана алышат. Дүйнөдө алардын баарына албетте тообо эшиги ачык. Бирок тообо кылуудан бой көтөргөндөрдүн бул жазаны алышы зулумдук көргөндөрдүн да, ага күбө болгондордун да көңүлүн жай алдырат. Ошондуктан Аллахтын өч алуучу сыпаты чындап ыйман келтирген абийирдүү бир адамды кубантышы керек.


Боорукердик темасын да жакшы түшүнүү керек. Бизге боорукердик сезимин үйрөткөн Аллах. Аллах каалабаганда, дүйнөдө эч ким мындай сезимдин бар экенин билмек эмес. Адамдардын баары боорукердик сезимин эч билбестен жашашмак. Ошондуктан Аллах жараткан жана үйрөткөн бир нерсени Аллахка карата далил көрсөтүү, Аллахка боорукердик сабагын берүүгө элтенүү (Аллахты аруулайбыз) өтө чоң бир караңгылык, чоң бир күнөө. Аллах чексиз мээримдүү. Улуу Аллах кимдин кандай табиятта жаратылганын, кимдин мээримге, боорукердикке, кимдин болсо азапка ылайыктуу экенин, албетте, эң жакшы билет. Акыретте эч ким тырмактай бир адилетсиздикке да кабылбайт. Аллах чексиз адилеттүү жана акыретте бүт адамдар жөнүндө адилеттик менен өкүм берилет. Инжилде Раббибиздин чексиз адилеттигин баяндаган сөздөрдүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
Аны сөгүшкөндө сөгүү менен жооп берген жок, кыйналганда эч кимди коркуткан жок; доосун адилеттик менен соттоочу Теңирге калтырды. (1 Петир 2: 23)
Адилетсиздик кылган кылган адилетсиздигинин жазасын алат, эч кандай бөлүнүүчүлүк кылынбайт. (Павелдин Колосалыктарга каты, 3:25)
(Аллах) жамандык кылгандардын баарына... кыйынчылык жана азап берет; жакшылык кылгандардын баарына... улуулук, урмат, эсенчилик берет. Себеби Аллах адамдар арасында бөлүүчүлүк кылбайт. (Павелдин Римдиктерге каты, 2:9-11)
Аллах «бүт баарына кылгандарына жараша тиешесин берет.» Дайыма жакшылык кылып улуулук, урмат, өлүмсүздүк издегендерге түбөлүк жашоо берет. Өзүмчүлдөрдүн, чындыкка моюн сунбай адилетсиздик кылгандардын үстүнө болсо азап менен каарын жаадырат. (Павелдин Римдиктерге каты, 2:6-8)
Аллах адилетсиз эмес. (Аллахты аруулайбыз.) Эмгегиңерди жана ыйыктарга кызмат кылып жана кылууну улантып Ал үчүн көрсөткөн сүйүүңөрдү унутпайт. (Эврейлерге кат, 6:10)
Аллах Куран аяттарында болсо мындайча буюрат:
Биз болсо кыямат күнүндө өтө туура таразаларды койобуз; эч бир напси (адам) эч бир нерседе адилетсиздикке кабылбайт. Бир кычынын даны болсо да ага (таразага) алып келебиз. Эсеп тутуучу катары Биз жетиштүүбүз. (Анбия Сүрөсү, 47)
Зулумдук кылган ар бир жан жер жүзүндөгүлөрдүн баары аныкы болсо аны (азаптан кутулуу үчүн) сөзсүз садака кылып бермек. Алар азапты көргөндө бушаймандыктарын жашырышат, чындыгында болсо алар адилетсиздикке туш болбостон араларында адилеттик менен өкүм кылынды. (Йунус Сүрөсү, 54)
 
 
Аллах коркуусу Аллахка жакшы бир кул болуу жана бейишке ылайык болуу үчүн шарт
Жогоруда саналгандар ыймандуу бир адамды алдыга түртүүчү өтө зор чындыктар. Аллахты чындап сүйгөн жана ушунан улам Аллахтын алдында кемчилик кетирүүдөн өтө корккон бир адамдын окуяларга көз-карашы такыр башкача болот.
Мындай адам арамга кире албайт, ибадаттарын билмексен боло албайт, абийиринин үнүн укмаксан боло албайт. Кыскасы, Аллах үчүн кылышы керек болгон нерселердин баарын өтө көңүл коюп жасайт.
Мындай адам абийирлүү болот, эгоист болбойт, өмүрүнүн аягына чейин жан аябас жана боорукер болот.
Мындай адам эч качан башкаларга зыян тийгизбейт, Аллахка жооп бере албай турган бир нерсени кылуудан өтө коркот.
Мындай адам ар бир көз ирмеминин эсебин Аллахка берээрин, Аллахтын дайыма аны көрүп тураарын билип жашайт.
Ал адам чыныгы жашоонун бул дүйнө эмес, акырет экенин дайыма эсинен чыгарбайт.
Мындай адам Аллахты чындап сүйүүнүн кубанычы, сүйүнүчү жана толкундоосун сезип жашайт. Бул толкундоо өмүр бою эч качан бүтпөйт. Ошондуктан Аллахтан корккон бир адам немат-жакшылык ичинде жашайт.
Инжилде Аллах коркуусу төмөнкү сөздөр менен сүрөттөлгөн жана Христиандар Аллах коркуусуна чакырылган:
... Жат, алыс бир жерди эске салган бул дүйнөдөгү убактыңарды Аллах коркуусу менен өткөргүлө. (Петирдин биринчи каты, 1:17)
Теңирден коркуунун эмне экенин билгенибиз үчүн адамдарды ынандырууга аракет кылуудабыз. Эмне экенибизди Аллах билет; силер да абийириңерде билесиңер деп үмүттөнөм. (Павелдин Корунттуктарга экинчи каты, 5:11)
... Сенин каарың аларга келди. Өлүүлөрдү соттоо, кулдарың болгон Пайгамбарларды, ыйыктарды, кичине болсун чоң болсун Сенин атыңдан корккондорду сыйлоо жана жер жүзүн кыйраткандарды кыйратуу убактысы да келди. (Аяндар, 11:18)
Ошентип Аллахты ыраазы кыла тургандай урмат жана коркуу менен ибадат кылалы. (Эврейлерге кат, 12:28)
Эгер бир адам Аллахка жакшы бир кул боло албай каламбы деген коркуу ичинде болбосо, Аллахты сүйөм деп айтып, бирок Аллах үчүн өтө аз нерсе кылып жатса жана түбөлүк акырет жашоосунда кутулуу үчүн Аллахка болгон сүйүү гана жетиштүү деп жатса, ал киши өтө жаңылып жаткан болот. Мындай көз-караш Аллах каалаган чын ниеттүүлүккө туура келбейт. Аллах коркуусу адамды ибадаттарды орундатууга, Аллах үчүн андан да жакшыраак бир кул болууга түртүүчү эң негизги фактор. Ошондуктан Аллах коркуусу керек эмес (Аллахты аруулайбыз), Аллах сүйүүсү гана болсо жетиштүү деп ойлогон бир адам коркуу менен үмүт ичинде болгон бир маанайда болбойт. Бул болсо Аллахтын ыраазылыгына жетүү жана Аллахты ыраазы кылуу үчүн тынымсыз аракет кылышына жолтоо болуп, андай кишини дайыма жалкоолукка түртөт.
Учурда Аллах коркуусун четке кагып Аллахты сүйүү гана жетиштүү деген кээ бир Христиандар дал мына ушундай абалда. Ошондуктан ал кишилер Аллахтан коркуунун эмне экенин бул жерде айтылгандарга карап кайрадан ойлонуп, Инжилдеги «Аллахтан корккула» деген чакырыктарга моюн сунуулары зарыл.